Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Шираз шаарында мечитте болгон террордук кол салууну айыптап, буга байланыштуу иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кулубаев Ирандагы терактка байланыштуу Ирандын Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахианга телеграмма жолдоп, адамдардын өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.
“Шах Черах” мечитинде орун алган теракттын натыйжасында адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан бул террордук актыны чечкиндүү айыптайт”, – деп айтылат телеграммада.
Кулубаев окуядан каза болгондордун жакындарына көнүл айтып, жабыр тарткан жарандарын тезирээк сакайып кетишин каалады.
“Ушул оор учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтым, жабыр тарткан жарандардын тезирээк скайып кетишин каалайм”, – деп белгиленет телеграммада.
13-августта Ирандын Шираз шаарындагы «Шах Черах» мечитине куралчан эки террорчу кол салып, анын кесепетинен эки адам набыт болуп, сегизи жаракат алды.
Буга чейин Ирандын Фарс провинциясынын башкы соту колго түшүрүлгөн негизги террорчу Тажикстандын жараны экенин жана террордук окуяга тиешеси бар деп шектелген дагы 8 киши кармалганын билдирген.
«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, кол салуу жоопкерчилигин «Ислам мамлекети»* террордук тобу өзүнө алган.



















