Ирандын Шираз шаарындагы Шах Черах мечитинде белгисиз адамдар ок чыгарып, бир адам каза болуп, 8 киши жаракат алды.
Бул тууралуу иран ЖМКлары жазды.
“Шираз шаарындагы Шах Черах мечитине эки террорчунун кол салуусунан бир адам каза болду”, — деп айтылат маалыматта.
“Fars News” агенттигинин маалыматына караганда, кылмышкердин бири дароо кармалган, дагы бири изин жашырып кеткен, учурда ал изделүүдө.
Эске салсак, былтыр октябрдын аягында ушул эле мечитте теракт болуп, андан 13 адам каза болуп, дагы 45 киши жаракат алган. Террорчулардын бири ошол эле түнү кармалса, калгандары кийинчерээк кармалган.