Ирандын Фарс провинциясынын башкы соту “Шахчераг” мечитине кол салып, колго түшүрүлгөн негизги террорчу Тажикстандын жараны экенин билдирди. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды.
Провинциянын башкы соту Ходжатуль-Ислам ва аль-муслимин Мусави “Имам Заман” күчтөрүнүн аракети менен террордук окуяга тиешеси бар деп шектелген дагы 8 киши кармалганын билдирди.
Ал кармалгандардын баары чет элдиктер экенин кошумчалады.
Анын айтымында, кечээ кечинде мечиттин короосунан кармалган башкы террорчу алдын ала тергөөдө өзүн Рехматулла Норозов Тажикстандын жараны деп тааныштырган.
Кечээ, 13-августта Шираз шаарындагы “Шахчераг” мечитине куралчан террорчу кирип келип, имараттын ичиндегилерге ок чыгарган. Террорчунун огунан бир адам каза таап, 8 киши жаракат алды. Кылмышкер дароо кармалган.
Эске салсак, былтыр октябрдын аягында ушул эле мечитте теракт болуп, андан 13 адам каза болуп, дагы 45 киши жаракат алган.