Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте “Иранда жасалган” жана “Иран килемдери, кол өнөрчүлүк жана искусство” аттуу көргөзмө болуп өттү.
“Eurasia Today” маалымдагандай, иш-чара Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 46 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Анда Ирандын өнөр жай жетишкендиктери анын ичинде, медициналык жана фармацевтикалык жабдуулар, полимердик буюмдар, курулуш материалдары, балык тоюттары, өнөр жай жана айыл чарба продукциялары жана башка Иран продукциялары көргөзмөгө коюлуп, кызыккан тараптар жана көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды.
Ошондой эле, Ирандын бай маданияты менен искусствосунун укмуштуудай көргөзмөсү өтүп, элдин аназарына колго токулган иран килемдеринин жана паластарынын ар кандай түрлөрү, картиналар, каллиграфия, иллюминация, миниатюралар, жыгачтан оюлуп жасалган буюмдар, эмаль жана башка ирандык чеберлердин кол өнөрчүлүгүнүн эмгектери коюлду.
Ирандын өнөр жайынын, маданиятынын жана искусствосунун айкалышуусун чагылдырган бул көргөзмөлөр Ислам республикасынын эбегейсиз зор потенциалын чагылдырып, меймандардын көңүлүн өзүнө бура алды.


















