Өзбекстандын Ташкент облусунда уюшкан кылмыштуу топторго каршы рейддин жүрүшүндө 34 киши кармалды. Алардын 11не каршы кылмыш иштери козголуп, 23ү административдик камакка алынды.
Тинтүү учурунда кармалгандардан 13 пневматикалык тапанча, аңчылык курал-жарактар, ок-дарылар, электршокерлери, бычактар, кастеттер жана түрдүү көлөмдөгү бита таяктары табылган.
Рейддин жүрүшүндө мындан тышкары маңзат сатуу боюнча 50 учур аныкталып, 11 килограмм баңгизаты жана 8 703 даана психотроптук препараттар алынды.
Ошондой эле түрдүү кылмыштары үчүн издөөгө алынып, укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн 64 киши кармалып, дайынсыз болуп жаткан эки адам табылды.
Буга чейин Өзбекстандын Ички иштер миинстрлиги (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топторго каршы рейддин жүрүшүндө Ташкент шаарында жана Анжиян, Наманган, Фергана, Самарканд, Бухара, Хорезм облустарында түрдүү кылмыштарга шектелген жана кылмыштуу топторго тиешелери бар ондогон киши кармалганын кабарлаган.


















