Кыскасы, Орусия империясы Кокон хандыгын талкалап, Борбор Азия чөлкөмүнүн көпчүлүк бөлүгүн өзүнө караткан соң бул аймакта бир нече (Жети-Суу (Семиречинская), Фергана, Самарканд) облустарды түзөт.
Анын ичинде 1876-жылы уюшулган Фергана облусунун курамына Фергана, Наманган, Анжиян, Маргалаң, Кокон, Ош, Жерге-Тал, Мургаб аймактары карап турат. Орусиядагы төңкөрүштөн соң, 1918-жылы чөлкөмдө Түркстан АССРи уюшулуп, Фергана облусу ошого кошулат.
1924-жылкы улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн натыйжасында Фергана облусунун Фергана, Наманган, Анжиян, Маргалаң, Кокон аймактары Өзбек ССРине берилип, Ош, Жерге-Тал, Мургаб аймактары Кара-Кыргыз автономдук облусунун үлүшүндө калат.
Бул арада Бухара Эмираты менен Хива (Хорезм) хандыгы Орусия империясынын вассалы катары, бирок өз алдынча сакталып турат. 1920-жылы большевиктер экөөнү тең биротоло ээлеп, Бухара Советтик Эл Республикасы менен Хорезм Советтик Эл Республикасын түзөт.
1924-жылы улуттук-аймактык бөлүштүрүүдө анча-мынча алымча-кошумчалар менен Хорезм Түркмөн ССРи деп өзгөртүлсө, Бухара Тажик АССРи деп аталып, Өзбек ССРинин курамына кирет.
Беш жылдан соң – 1929-жылы Москванын чечими менен Тажик АССРи Өзбек ССРинен бөлүнүп, өз алдынча Тажик ССРи болуп түзүлгөн. Тажик ССРи башында жети аймактан туруп, ага Өзбекстандын Кожент округу өткөрүлүп берилген. Тажик бийлиги Кожент округун кийин Согд деп атоого өткөн.
Ошол эле 1929-жылы Кыргыз АССРинин карамагында турган Жерге-Тал жана Мургаб райондору да Тажик ССРинин курамына өткөрүлгөн. Тажик бийлиги Жерге-Талды жакынкы эле жылдары Лахш деп өзгөртүп алды. Жерге-Талдын жана Мургабдын ичиндеги дагы жүздөгөн кыргызча жер-суу аталыштары да тажикчеленген.
Адистер ырастагандай, Тажикстандын азыркы бийлиги чек арадагы такталбаган тилкелерди 1924-1927-жылкы карталар менен чечкиси келет. Айталы, алар Ворух ошол маалда Согд облусунун курамында болгонун билдирип, «ал анклав болгон эмес» деген жүйөнү келтирет.
Бирок, ал мезгилде Согд облусу өзү Кожент облусу деп аталган жана Өзбек ССРнин курамында болгон. Эгер маселени ошол жылдардагы документтер менен чечиш керек болсо, анда Кыргызстан аны Өзбек ССРнин мураскери Өзбекстан менен чечиши керек болуп калат.
Жок, ага да болбой эле, ошол документтерге таянып чечим чыгара турган болсок, анда Тажикстан Кыргызстанга Жерге-Тал менен Мургабды толук кайтарып бериши керек болот. Себеби, 1929-жылга чейин бул эки аймак Кыргыз АССРинин курамында болуп жатканын жогоруда белгиледик.
Мына ушундай ньюанстардан улам Кыргызстандын бийлиги 1924-1927-жылдардагы документтердин «укуктук күчү жок» деп эсептеп келген. Расмий Бишкек талаштарды андан кийинки карталар менен чечүүну чечүүнү сунуштачу.
Тагыраагы, кыргыз тарап 1956-1958-1961-жылдардагы жана 1989-жылкы документтер менен карталарды карманат. Себеби, бул жылдары түзүлгөн карталарды паритеттик, же эки тараптан тең куралган комиссиялар чийген. Такталбаган жерлерди эске албаганда бул карталарда иш жүзүндө азыркы ээлеп турган аймактар бекитилген.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда талаштарды чечүүдө союз учурундагы карталардан сырткары дагы бир документ бар. Ал эгемендик алган соң кабыл алынган Алматы декларациясы.
1991-жылдын 21-декабрында мурдагы советтик өлкөлөрдүн 11и кабыл алган бул документ СССРдин тараганын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин (КМШ) түзүшкөнүн ырасташкан. Анда алар бири-биринин суверенитетин таануудан сырткары бул өлкөлөр бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана азыркы чек араларын тааный турганын да такташкан. Чек араларда чыккан бардык жаңжалдар тынчтык жолу менен чечилмек болгон.
Тилекке каршы, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал андай болбой жатканын көрүп жатабыз. Тажикстан да Ворухка байланыштуу позициясынан кайтпай, Төрт-Көчөнү алып, аны негизги аймагы менен туташтырууга умтулуп келет.
Мындай жагдайда Кыргызстан Жерге-Тал менен Мургабга байланыштуу документтерди издештире баштаган. Кезинде аймактарды ары-бери өткөрүү Москвадан чечилгендиктен негизги документтер ошол жактан табылышы мүмкүн эле.
Айткандай эле, былтыр күздө Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен үч тараптуу жолугушуу өткөрүп, ортомчулугун сунуштаган. Москва өз архивинде эки тарапта жок карталар бар экенин билдирип, аларды көтөрөрүн жар салган.
Андан бир жылча убакыттан соң — 15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы тарыхый документтер табылганын жар салды. Ал Тажикстан ушул күнгө чейин аймактык дооматтарынан баш тартпай жатканын белгилеп, бул улана берсе Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун эскертти.
Демек, Жерге-Тал менен Мургабга байланыштуу документтер табылды деп бүтүм чыгарсак болот. Мындан аркы сүйлөшүүлөрдө ал сөзсүз түрдө аргумент катары келтирилери талашсыз.
Эрнист Нурматов,
«Азаттык».