Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргыз-тажик чек арасынын 90%дан ашыгы чечилди

  • Башкы жаңылыктар
  • 13.12.2023 10:13

Loading

Бул тууралуу 12-декабрда Баткен шаарында эки өлкөнүн чек араны чечүү чечүү боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери, КРнын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдор баштаган делегациянын жолугушуусунда айтылды. Жакын арада чек аранын калган бөлүгү да аныкталып, толук бойдон чечилүү алдында турат.

К. Ташиев С. Ятимов менен биргеликте маалымат каражаттарына билдирүүсүндө мындай деди:
– Урматтуу журналисттер, мен урматтуу Саймумин Сатаровичтин сөздөрүн бекемдеймин. Биздин жумушчу комиссияларынын ишинде негизинен мамлекеттик чек аранын баардык бөлүгүн макулдаштык. Жакынкы мезгилде 90%дан ашык аймак макулдашылды. Жакын арада белгиленүү алдында турат. Болгону бир нече гана участкалар калууда жана аларды да Кудай буюрса, жакында аяктайбыз. Бул кайсы участкалар? Алар Кайрагачтан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер жана Жийделикке чейин биз толук жумушчу топ макулдаштык. Мындан тышкары биз Кара-Булак, Ляккан, үч мамлекеттин чек арасына чейинки аймакты макулдаштык. Ошентип биз бүгүнкү күндө талаштуу деп эсептелген аймактарды дээрлик макулдашып бүттүк. Эми мамлекеттик чек араны толук чечүү үчүн болгону бир нече жолугушууларды өткөрүү калды. Мен жумушчу комиссиянын эки өлкөнүн тең баардык курамына ыраазычылык билдирем. Анын ичинде урматтуу Саймумин Саттаровичке биз эң жакшы иш жүргүзгөндүгүбүз үчүн. Рахмат.

Ал эми С. Ятимов ошол эле биргелешкен билдирүүдө буларга токтолду:

Тема боюнча

Баткенден Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылат

Баткенден Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылат

30.06.2026

– Урматтуу достор, бүгүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында биз эки тараптуу комиссиянын жумушчу жолугушуусун өткөрүп, турмуштук маанилүү маселелерди талкууладык. Биз дагы бир жолу эки өлкөнүн ортосунда жалпы кызыкчылык жана максаттар бар экендигине ынындык. Албетте, жалпы иштер да бар. Бул кызыкчылыктардын логикалык жыйынтыгы биздин элдердин келечегине байланышкан. Бул биздин өлкөлөрдүн коопсуздугу жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү.

Бүгүнкү күнгө карата жетиштүү деңгээлде чоң жумуш аткарылды. Биз бүгүнкү күндө 120 км.ден ашык аймакты макулдашып, бул маселелерди принципиалдуу түрдө чечтик. Эгер Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын жалпы мамлекеттик чек арасын ала турган болсок, бул сөзүмдү Камчыбек Кыдыршаевич да бекемдесе керек, 90%дан ашык аймак белгиленди. Биз чындап эле бул маселелерди чечүүгө жакындап калдык. Комиссия калган чек ара аймактарын чечүүгө олуттуу мамиле жасайт. Алар биздин мамлекет башчыларыбыздын эки элдин кызыкчылыгына дал келген тапшырмаларын так аткарышууда. Мен эки комиссияга тең ийгиликтүү иштешкендиги үчүн ыраазычылык билдирем. Рахмат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан. Бийлик ага чейин чек араны тактоо иштери ушул жылдын аягына чейин бүтөрүн билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: БаткенК. ТашиевКыргыз-тажик чек ара чырыС. Ятимов
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
Баткенден Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылат

Баткенден Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылат

30.06.2026
Камчыбек Ташиев минкаб төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду

Камчыбек Ташиев минкаб төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду

10.02.2026
“Мен утулсам дагы, кыргыз эли утат. Коррупцияга каршы күрөштү акырына  чыгарабыз!” – К. Ташиев

“Мен утулсам дагы, кыргыз эли утат. Коррупцияга каршы күрөштү акырына чыгарабыз!” – К. Ташиев

10.12.2025
Ооганстанда телекөрсөтүүлөр акырындык менен токтотулуп жатат

Шайлоо болду, шайлоонун эртеси да болду. Эмнелер эсте калды?..

01.12.2025
К. Ташиев: “Мындай система мурдагы Советтер Союзунда, Европа мамлекеттеринде жок”

К. Ташиев: “Мындай система мурдагы Советтер Союзунда, Европа мамлекеттеринде жок”

30.11.2025
УКМК төрагасы Кыргызстанда  кытай жарандарынын көптүгүнүн себебин айтты

УКМК төрагасы Кыргызстанда  кытай жарандарынын көптүгүнүн себебин айтты

27.11.2025
Баалар. Электр энергиясы. Уруучулукка бөлүнүү. Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарга кайрылды

Баалар. Электр энергиясы. Уруучулукка бөлүнүү. Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарга кайрылды

13.11.2025
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы жөнүндө сүйлөшүүлөр болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы жөнүндө сүйлөшүүлөр болду

29.09.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.