Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берди.
К. Ташиев чек ара маселесин чечүүдө Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорундагы 190 гектар жер тилкеси Тажикстанга берилип, алардын 195 гектар жери Кыргызстанга алынганын айтып, анын ичинде сугат каналдары, автоунаа жүрүүчү жана башка жолдор да алмашылганын кошумчалады.
Ошол эле учурда акыркы төрт жылдан бери чек ара маселеси каралып, тажик тарап менен өтө көп жолугушуулар болгондугун, эми мындан ары документтер ачык карала тургандыгын билдирди.
Буга чейин эки өлкөнүн ортосунда чыр чыгып келген Головной тилкеси боюнча да маалымат берди. Анын айтымына караганда, Головнойдогу үч люктун 1,5ы – үч-төрт метр жер Кыргызстанга өтүп, ошондой эле жер тилкеси 1.5 люк менен Тажикстан тарапка өткөн.
Кечээ, 26-февраль күнү К.Ташиев Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун мезгил кутусун салуу алдында сөз сүйлөп жатып кыргыз-тажик чек арасынын тактоо иштери аягына чыкандыгын жана бул документтер Жогоку Кеңешке кирерин билдирген.
Эми документтер эки өлкөнүн парламенттеринде ратификациядан өтүп, аларга президенттер кол коюушу керек.
Буга чейин 21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан.
2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болуп, жыйынтыгында эки тарап тең жоготууларга учураган.




















