Жекшемби күнү таң эрте АКШнын Луизиана штатындагы Шривпорт шаарынын түндүк-батышында белгисиз адам ок аткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жаштан 14 жашка чейинки сегиз бала каза болгон.
Маалыматтарга караганда, балдардын айрымдары ошол адамдын туугандары болгон.
Ок атуу жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 5тер чамасында (Гринвич убактысы боюнча 10:00) шаардын бир нече жеринде — бир кварталда жайгашкан эки үйдө жана ошол эле аймактагы дагы бир жакын үйдө болгон.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, ок аткандан кийин шектүү адам унаа уурдап качууга аракет кылган, бирок полициянын куугунтугу учурунда өлтүрүлгөн.
Дагы эки адам октон жаракат алган, алардын абалы тууралуу маалымат азырынча жок.
«Биздин божомол боюнча, ок аткан жалгыз ошол адам болгон», — деди жергиликтүү полиция өкүлү Крис Борделон жана бул окуяны «үй-бүлөлүк жаңжал» деп атады.
«Бизде кайгырып жаткан үй-бүлөлөр бар, кайгырып жаткан полиция кызматкерлери, соттук-медициналык кызматкерлер бар, — деди Шривпорттун мэри Том Арсено. — Бул бүтүндөй коомчулукка таасир этет, ошондуктан биз баарыбыз бул үй-бүлөлөр менен кошо аза күтөбүз».
«Бул өтө кайгылуу кырдаал — балким, Шривпорт тарыхындагы эң оор окуя болушу мүмкүн», — деп кошумчалады ал.



















