Үстүбүздөгү жылдын 15-июлунан тарта Таиланд Өзбекстан менен 60 күнгө чейин болуу менен визасыз режим киргизгенин «Dunyo» маалымат агенттиги билдирди.
Буга чейин жарандары өлкөгө визасыз кире алган мамлекеттердин саны 57 болсо, азыр тизмеге Кытай, Индия, Казакстан жана Өзбекстан кошулду.
“Бул режимди киргизүү экономиканы стимулдаштыруу максатында Таиланд өкмөтү тарабынан бир тараптуу түрдө ишке ашырылган жана келечекте кайра жоюлушу мүмкүн”, – деп баса белгилейт маалымат агенттиги.
Ушул убакка чейин өзбекстандыктар аэропортко келгенде 60 долларга 15 күндүк виза алышы керек болчу.
Буга чейин өзбек маалымат каражаттары Оман Султанаты Өзбекстандын жарандары үчүн өлкөдө 14 күн визасыз жүрүү тартибин киргизгенин жазган.



















