Таиланд менен Камбоджанын чек арасында куралдуу кагылышуу болгонун Reuters агенттиги маалымдады.
24-июлдагы кол салуу үчүн эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатат. Таиланд бийликтери Камбоджаны чек ара айылдарын реактивдүү жапырт аткылоочу системалар менен аткылап, ооруканага чабуул жасады деп айыптады. Таиланддын бир нече айылдарынын тургундары эвакуацияланып, мектептерде сабактар токтотулду.
Камбоджа чыр-чатакты биринчи Таиланддын аскерлери баштап, таңкы саат 6:30дар чамасында талаштуу “Та Моан Тхом” ибадатканасынын аймагына кирип, анын тегерегин тикенек зымдар менен орнотушканын билдирди.
Камбоджанын Улуттук Коргоо министрлиги билдиргендей, мындан улам алардын аскерлер учкучсуз учак учуруп, абага эскертүүчү ок атышкан.
Буга жооп кылып таиланддык солдаттар ок атышкан, Камбоджанын аскерлерин өзүн-өзү коргоо укугун ишке ашырышкан.
Таиланддын армиясы өлкөнүн аба күчтөрүнө таандык F-16 учактары Камбоджадагы буталарга абадан сокку уруп, андан бир аскердик объект талкаланганын билдирди.
Камбоджанын Улуттук Коргоо министрлиги Таиланддын согуштук учактары жолго эки бомба таштаганын билдирди.
Таиланддын Саламаттыкты сактоо министрлиги 12 адам каза болгонун билдирди: 11 карапайым тургун жана бир аскер. Алардын арасында 8 жаштагы бала жана 15 жаштагы өспүрүм бар. Дагы 14 киши жараат алды.




















