Таалатбек Масадыков 2026-жылдын 1-январынан тарта Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) жаңы башкы катчысы болуп ишке киришет.
Ал учурда ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп келет.
Масадыков Казакстан өкүлү Имангали Тасмагамбетовдун ордун басат. Тасмагамбетовдун 3 жылдык мөөнөтү быйыл аяктап жатат.
27-ноябрда Бишкекте өтө турган ЖККУ Саммитинде Тасмагамбетов соңку отчетун берери күтүлүүдө.
Таалатбек Масадыков 1961-жылы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылында төрөлгөн. Кыргыз, орус, англис, пушту жана дари тилдерин билет.
Ал 2017-жылы Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгон. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалса, 2022-2023-жылдары президенттин атайын өкүлү болуп иштеген. 2024-жылдын январынан тарта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын орун басары. Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи даражасына ээ.



















