Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) машыгуулары пландуу түрдө уюштурулуп, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес.
Бул тууралуу брифингде ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков билдирди.
«Өткөрүлүп жаткан бардык иш-чаралар жана машыгуулар пландуу болуп саналат, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес жана башкаруу органдары менен аскерлердин өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө, ошондой эле жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында күчтөрдүн жана каражаттардын түздөн-түз милдеттерин аткарууга даярдыгын сактоого багытталган», — деп белгиледи ал.
Сердюков ошондой эле 2026-жылы ЖККУнун биргелешкен машыгууларына 5 миңден ашуун аскер кызматкери жана 1 миңден ашык курал-жарак, аскердик жана атайын техниканын бирдиги тартыларын билдирди.



















