Түркмөнстандын вице-премьери, тышкы иштер министри Рашид Мередов Тегеран шаарына иш сапары менен барып, Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкяндын ант берүү аземине катышат.
Тиешелүү буйрукка өлкө президенти Сердар Бердымухамедов кол койгонун расмий “Нейтральный Туркменистан” гезити жазды.
Мередов ошондой эле экономикалык кызматташтык боюнча түркмөн-иран комиссиясынын төрагасы болуп саналат.
Басылманын маалыматына ылайык, Бердымухамедов Иран Түркмөнстандын эң жакын коңшуларынын жана өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн мамилелери достук жана бир туугандык мүнөздө экенин айткан.
Буга чейин Түркмөнстандын башчысы Пезешкянды Ирандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, биргелешкен аракеттердин натыйжасында эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирген.
Эске салсак, Масуд Пезешкиан Иранда президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында жеңип чыккан. 69 жаштагы Пезешкиан атаандашы Саид Жалилини 53,7% добуш менен утуп алган. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.
Иранда шайлоо мурдагы президент Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.
Пезешкиандын ант берүү аземи (инаугурация) 30-июлда Межлистин имаратында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи 28-июлда шайланган президентти кызматка бекиткен жарлыкка кол койгондон кийин болот.
Буга чейин Иран Межлисинин (парламентинин) президиумунун мүчөсү Можтаба Юсуфи Пезешкяндын инаугурация аземине кеминде 60 өлкө өз делегацияларынын катыша тургандыгын тастыкташканын билдирген.
















