Кечээ, 11-февралда Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов башында турган түркмөн делегациясы иш сапары менен Иран Ислам Республикасынын борбору Тегеран шаарына барды.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи билдирди.
Анын айтымында, бул сапар Ирандын Тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчинин расмий чакыруусунун негизинде жана Иран Ислам Республикасы менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин мезгил-мезгили менен өтүүчү саясий консультацияларынын алкагында ишке ашырылууда.

Түркмөнстандын тышкы ведомствосунан маалымдашкандай, сапардын биринчи күнү түркмөн делегациясынын Иран Ислам Республикасынын жолдор жана шаар куруу министринин орун басары, Транспорт өнөр жайы жана өнүктүрүү компаниясынын жетекчиси Хушанг Базванд менен жолугушуусу болду.
“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын позитивдүү тажрыйбасын, анын ичинде Түркмөнстанда автожолдорду куруу долбоорлоруна ирандык компаниялардын катышуусун белгилешти”, – деп айтылат маалыматта.
Тараптар келишимдердин аткарылышынын жүрүшүн, атап айтканда, экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын акыркы отурумдарынын натыйжасында жетишилген келишимдердин аткарылышынын жүрүшүн карап чыгышты.
Эки тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктери айтылды.
Андан соң Ирандын мунай министри Мохсен Пакнежад менен жолугушуу болду.
Талкуунун жүрүшүндө мунай-газ тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери жана перспективалары козголду. Тараптар эки дос өлкөнүн потенциалын ишке ашыруу үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.
Мындан тышкары, Түркмөнстандын делегациясы Иран Ислам Республикасынын Энергетика министри Аббас Алиабади менен жолугушту.
“Тараптар өткөн жылы жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугун белгилешип, эки өлкөнүн кызматташууну активдештирүүгө умтулуусун ырасташты. Жолугушууда электр энергетикасы жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланды”, – деп белгиленет билдирүүдө.
Буга байланыштуу Түркмөнстан менен Ирандын адистештирилген мекемелеринин ортосундагы макулдашылган иш-аракеттердин маанилүүлүгү белгиленди.

















