Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 26-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Си Украинадагы жаңжалды жөнгө салуунун бирден бир жолу диалог жана сүйлөшүүлөр экенин белгилеп, ошондой эле өзөктүк согушта жеңүүчү болбостугун эске салганын «Синьхуа» агенттиги Twitter баракчасына жазды.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин сүйлөшүү Украина тараптын демилгеси менен болгонун Twitter баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, Кытай кризисти жөнгө салуу маселесин талкуулоо үчүн Украинага жана башка өлкөлөргө атайын өкүлүн жиберет. Кийинчерээк Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбор Азия департаментинин директорунун орун басары Юй Цзюнь брифингде Кытайдын Украинага бара турган делегациясын Кытайдын Россиядагы мурдагы элчиси Ли Хуэй жетектей турганын белгиледи.
Зеленский Twitter баракчасынан кытайлык кесиптеши менен болгон телефондогу сүйлөшүүлөрү тууралуу комментарий берди. Ал Си менен болгон сүйлөшүүнү “узак жана маңыздуу” болгонун жазды. Анын басма сөз катчысы сүйлөшүү бир саатка созулганын белгиледи.
«Бул сүйлөшүү, ошондой эле Украинанын Кытайдагы элчисин дайындоо эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө чоң түрткү берет деп ишенем», — деп белгиледи украин президенти.
Зеленский Твиттерде Си менен болгон сүйлөшүүнү “узак жана маңыздуу” деп атады. Анын басма сөз катчысы сүйлөшүү бир саатка созулганын белгиледи.
Ошол эле күнү Киев Кытайга элчисин жөнөтөрү айтылган, бирок анын аты-жөнү айтылган эмес. Пекиндеги мурдагы элчи Сергей Камышев 2021-жылдын февраль айында 64 жашында каза болгон, андан бери бул кызмат бош турат.
Си Цзиньпин менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү 24-февралда Россияга Украинада аскердик операция баштаганына бир жыл болгондо Кытай Украина боюнча 12 пункттан турган өзүнүн тынчтык планын сунуш кылгандан бери күтүлүп жаткан. Анын ичинде «ок атышууну токтотуу», «Россия менен сүйлөшүүлөрдү жандантуу», «бардык өлкөлөрдүн суверенитетин сыйлоо», «бир жактуу санкцияларды токтотуу» сыяктуу маанилүү максаттар көрсөтүлгөн.
Зеленский Пекиндин тынчтык планына комментарий берип жатып, документте россиялык аскерлерди Украинанын аймагынан чыгаруу боюнча пункт жок болсо, анда мындай планды ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгилеген.
20-22-мартта Си Цзиньпин Россияга расмий сапар менен барган. Андан кийин Financial Times гезити Евробиримдик Кытай лидерин украин президенти менен сүйлөшүүгө түртүп жатканын жазган. Зеленский 29-мартта Си Цзиньпинди Украинага келип кетүүгө чакырган.
Си Цзиньпин Россия менен Украинаны бир столго отургуза алабы. Эксперттин пикири
Кытайдын тынчтык планын ишке ашыруу өтө жай жүрүп жатканын Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун директору Алексей Маслов РБКга билдирди.
«Бул сүйлөшүү Украинанын позициясын талкуулоо жана Украина алдын ала шарттарсыз сүйлөшүүлөргө канчалык даяр экенин түшүнүү үчүн керек болчу. Буга чейин Украинанын позициясы таптакыр сүйлөшүүгө мүмкүн эмес болчу. Ал АКШдан канчалык көз карандысыз жана канчалык өз алдынча оюнчу деген суроо дагы маанилүү болгон. Буга чейин Си Цзиньпин ачык эле көз карандысыз оюнчу болгон Россиянын президенти Владимир Путин менен иш алып барган», — деди эксперт.
Маслов белгилегендей, экинчи маанилүү маселе — Кытай Украинага сүйлөшүүдө аны чындап кызыктыра турган нерсени сунуш кылышы керек болчу. Эксперт Кытай кырдаал жөнгө салынгандан кийин инвестиция тартууну, экономика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү, Украинаны Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгесине кошууну убада кылган болушу мүмкүн экенин божомолдоду.
Эксперттин айтымында, Кытайдын Украинага бара турган делегациясынын жетекчи болуп дайындалган Ли Хуэй россиялык жана украиналык менталитетти жакшы билген тажрыйбалуу дипломат.
«Эгер процесс чындап эле ордунан жылса, анда бул Кытай үчүн олуттуу дипломатиялык жеңиш жана АКШнын позицияларына олуттуу сокку болот. Ошондуктан Кытайдын позициясы абдан олуттуу болот деп күтүү керек», — деди ал. Маслов Кытайдын Сауд Аравия менен Ирандын ортосунда ортомчулук кылып, тараптарды элдештирүүсү ийгиликтүү болгонун эске сала кетти.
Ал эми россиялык саясат таануучу Владимир Синельниковдун айтымында, Зеленский менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүсү Киев режиминин башчысы Украинадагы реалдуу кырдаалдын олуттуулугун түшүнөрүн көрсөтүп турарын «Подмосковье сегодня» интернет-басылмасына билдирди.
«Алардын сүйлөшүүсү негизинен ортомчу аркылуу тынчтыкка чакыруу болду. Тигил же бул тынчтык келишимин түзүү өтүнүчү менен Путинге түз кайрылуу Зеленский үчүн өтө кемсинтүү болмок, анткени бул аскердик жеңилүүнү түздөн-түз моюнга алуу болуп калат», — деди Синельников.
Зеленский бул кырдаалда Киевдин жүзүн сактап калууга жардам бере турган абдан таасирдүү жана авторитеттүү ортомчуну тандап алды, деп эсептейт эксперт.
Анын айтымында, Украина президентинин Киев Крым кайтарылгандан кийин гана Москва менен элдеше турганы тууралуу буга чейинки “чечкиндүү” билдирүүлөрү жөн гана саясий пиар болгон болушу мүмкүн.
«Сыягы, Зеленский азыркы аскердик жаңжалды ийгиликтүү бүтүрүүдөн үмүтүн үздү окшойт. Бул Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн коомчулукка жарыяланган контрчабуулдары же ийгиликсиздикке учураганын, же ал башында эле пиар-акция болгонунун көрсөтүп турат», — деп сөзүн жыйынтыктады Синельников.