Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамп тогуз жылдан кийинки биринчи сүйлөшүүлөрүн Пекинде өткөрүштү.
Алар эки тараптуу мамилелердеги эң курч маселелерди талкуулашты. Алардын катарында Тайвандын көз карандысыздыгы, Ормуз кысыгындагы жана Иран айланасындагы кырдаал, соода согуштары жана АКШ менен Кытайдын кызматташуу келечеги болгонун РИИ Новости агенттиги жазды.
Тайвань маселеси
Жолугушуунун башында Си Цзиньпин Тайбэйдин эгемендүүлүгү шартында Тайвань кысыгында тынчтык болушу мүмкүн эместигин белгиледи.
«Тайвандын көз карандысыздыгы менен Тайвань кысыгындагы тынчтык бири-бирине туура келбейт», — деп баса белгиледи ал.
Кытай лидери бул аралдын келечеги тууралуу маселе АКШ менен болгон байланыштардагы эң негизги суроо бойдон кала берерин айтты. Вашингтондун бул маселеге карата туура эмес мамилеси эки өлкөнүн алакасын өтө кооптуу абалга алып келиши мүмкүн.
Жолугушууга катышкан Каржы министри Скотт Бессент сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Трамп Тайвань боюнча өз позициясын билдирерин тактады.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал
Андан соң лидерлер АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалды талкуулашты. Ак үйдүн маалыматына ылайык, Си Циньпин Ормуз кысыгындагы оор кырдаалга байланыштуу америкалык мунайга кызыгуу бар экенин билдирген.
«Төрага Си Кытайдын кысыкты милитаризациялоого жана аны пайдалануу үчүн акы алууга болгон бардык аракеттерге каршы экенин так айтты», — деп билдиришти Вашингтондун өкүлдөрү жолугушуунун жыйынтыгында.
Саясатчылар бул маршрут, анын ичинде энергия ресурстарын ташуу үчүн да ачык бойдон калышы керек деген орток түшүнүккө келишкен.
Эки тараптуу мамилелер
Мындан тышкары, саясатчылар Пекин менен Вашингтондун кызматташтыгын да талкуулашты. Си Циньпин соода согуштарында жеңүүчү болбой турганын эскертип, «Фукидид тузагынан» качууга чакырды.
«Бүгүнкү дүйнөдөгү башаламандыктар жана белгисиздик шартында Кытай менен АКШнын мамилелери дүйнөдөгү сегиз миллиарддан ашуун адамдын кызыкчылыгына таасир этет. Биз бул тарыхый жоопкерчиликти бирге көтөрүп, Кытай менен АКШнын мамилелеринин зор кемесин туура багытта алып жүрүшүбүз керек», — деди ал.
Трамп да бул пикирге кошулуп, эки өлкөнүн мамилелерин дүйнөлүк тарыхтагы эң маанилүү мамилелердин бири деп атады. Ал Кытайга жергиликтүү рынокко чыгууга кызыкдар болгон ири бизнес-делегацияны алып келгенин белгиледи.
«Алар бүгүн бул жерге сизге жана Кытайга урмат көрсөтүү үчүн келишти. Алар соода жүргүзүүнү жана бизнес баштоону чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Биз тараптан бул толугу менен өз ара тең негизде болот», — деди Ак үйдүн башчысы.
Си америкалык компаниялар Кытайда иш алып баруу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк аларын түшүндүрдү. Ал соода, айыл чарба, туризм тармактарындагы кызматташууну кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн аскерлеринин ортосундагы байланышты жакшыртууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Трамп Кытай лидерин 24-сентябрда Вашингтонго сапар менен келүүгө чакырды.
















