Пекин Ирандын өзөктүк энергияны тынчтык максатта пайдалануу укугун урматтайт жана Ирандын мамлекеттик эгемендүүлүктү коргоодо колдойт, деп билдирди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин.
Бүгүн, 2-сентябрда Си Цзиньпин Пекинде Ирандын президенти Масуд Пезешкян менен жолугушту.
“Кытай Ирандын өзөктүк курал жасабоо милдеттенмесин бир нече ирет ырастаганын жогору баалайт жана анын өзөктүк энергияны тынчтык максатында пайдалануу укугун урматтайт”, – деген кытай лидеринин сөзүн Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсү келтирет.
Си Цзиньпин белгилегендей, Пекин Иранды өзүнүн мамлекеттик эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана улуттук ар-намысын коргоодо, саясий сүйлөшүүлөр аркылуу мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо колдойт.
Кытай лидеринин айтымында, Кытай-Иран мамилелери туруксуз эл аралык кырдаалдын сыноосуна туруштук берди жана туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүсүн улантууда.
“Кытай адилеттүүлүктү сактоону улантып, бардык тараптардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алган чечим аркылуу ирандык өзөктүк маселени жөнгө салууга көмөктөшөт жана Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн тынымсыз аракет көрөт”, — деп кошумчалады КЭР төрагасы.
Белгилей кетсек, Ирандын президенти Масуд Пезешкян бүгүн, 2-сентябрда Тяньцзинь шаарынан Пекин шаарына келди. Ал Кытайдын борборуна ылдам жүрүүчү поезд менен келди. Сапардын жүрүшүндө президент 3-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин жана аякташынын 80 жылдыгына арналган парадга катышат.
Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУ саммитинин алкагында Пезешкян Россия, Түркия жана Тажикстандын президенттери, Пакистандын премьер-министри жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы менен жолугушуп, сүйлөштү.














