Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис 3-июлда расмий сапары менен Кыргызстанга келет.
КР Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, ал министр Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келүүдө.
Швейцариялык саясатчы сапарынын алкагында Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-швейцария кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкуулашат.
Ошондой эле Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассисти президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө.
Министр ошондой эле Швейцариянын Улуттук күнүн майрамдоого арналган кабыл алууда эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, бизнес тармагынын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана Кыргызстанда жашаган швейцариялык жарандар менен жолугушууларды өткөрөрүн Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Мындан тышкары, Кассис иш сапарынын алкагында Кыргызстанда 1994-жылдан бери Швейцариянын колдоосу менен жалпы суммасы 500 миллион АКШ долларын түзгөн долбоорлордун жүрүшү менен таанышат.
«Андан сырткары, ал Кыргызстандын маданияты менен көбүрөөк таанышып, жаратылыштын кооздугун, анын ичинде Ысык-Көлдү, тоолорду жана мөңгүлөрдү көрүүнү пландоодо», — деп айтылат билдирүүдө.
Игнацио Кассис Швейцариянын Федералдык тышкы иштер министрлигин 2017-жылдан бери жетектеп келет. 2022-жылы Швейцария Конфедерациясынын президенти болуп иштеген.



















