Сауд Арабиясына ажылык сапарын аткаруу үчүн келген зыяратчылардын саны 860 миң адамдан ашты. Бул тууралуу брифингде падышалыктын ажылык жана умра министри Тауфик аль-Рабиа билдирди.
Анын айтымында, 820 миңден ашуун зыяратчы ажылыкка аба жолу аркылуу келген.
Кургактык чек аралары аркылуу 35 миңден ашык адам кирсе, деңиз жолу менен 4 миңден ашуун зыяратчы келген.
Тауфик аль-Рабиа ошондой эле 240 миңден ашуун зыяратчы «Меккеге жол» демилгесин колдонгонун маалымдады. Бул долбоор зыяратчыларга өз өлкөлөрүндөгү аэропорттордо эле виза, паспорт жана медициналык текшерүүлөрдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетүүчү жагдай, быйыл Кыргызстандан ажылык сапарына 6060 зыяратчы бармакчы. Алардын алгачкы тобу апрель айынын аягында Меккеге сапар алышкан.



















