Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Россияга барат.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
«Алдыдагы сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда.
Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Ошондой эле Россия Федерациясынын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда.
2023-жылдын 9-майында Москва шаарында Мамлекет башчысы ардактуу конок катары Жеңиш Парадына катышат», – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.
Буга чейин 23-апрелде россиялык “Ведомости” басылмасы жеке булактарына таянып, 9-майда өтчү аскердик парадда Садыр Жапаров жалгыз чет өлкөлүк конок болорун жазган. Басылма президент Жапаров Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун чакыруусу менен Москвага барганы жатканын белгилеген.
“Ведомости” басылмасынын башка материалында Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Садыр Жапаров “Жеңиш парадына да катышуу үчүн калууну чечкенин” билдирген.
Садыр Жапаров акыркы жолу Россияга былтыр 13-майда барып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышкан.