Ушул жылдын 14-июлунда жааган жаандан улам, Ош шаарында, Кара-Суу, Алай жана Ноокат райондорунда адаттан тыш сел жүрүп, жүздөгөн үйлөр, мекемелер, соода жайлар жабыркап, беш адамдын өмүрү кыйылды. Алдыда сөз кыла турган негизги маселе – Ош шаарындагы селдин кесепетинен арылуу процесси кандай жүрүп жатканы жана көбүрөөк жабыркаган шаардын борбордук базары тууралуу болмокчу. Биз кепке тарткан Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, борбордук базар жылдырыла турганын кесе айтты. Эмесе, маекке көңүл буруңуздар.
– Сонунбек мырза саламатсызбы? Селден улам келтирилген зыяндардын көлөмү жана чыгымдары эсептелип бүттүбү? Ушул туурасында кыскача айтып берсеңиз…
– Саламатчылык. Азыр биринчи вице-мэр Марс Асановичтин төрагалыгынын астында, селден улам келтирилген зыяндарды аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Азыр алар жеринде иштеп атышат. Негизги көп жабыркаган аймак – бул, борбордук базар жана “Жаңы маале” деп коебуз, мурдагы “Лөлү маале” жак болду. Андан сырткары, Төлөйкөн, Озгур, анан Жапалак айыл өкмөтүндө дагы зыян тарткандар болду. Жалпысынан ошолорду карап, тазалоо иштери негизинен борбордук базар жакта жүрүп, бүтүп калды. Азыр эми Төлөйкөн, Озгур, Жапалакка техникаларды көбөйттүк. Бул жакта да тазалоо иштери жүрүп жатат.
– Чыгымдар толук эсептелип бүтө элек экен да э?
– Жок, чыга элек. Бул мындай да – комиссия баарын толук карап, эсептеп чыккандан кийин белгилүү болот. Буйруса бир жуманын ичинде чыгып калат.
– Ал эми жабыркаган борбордук базардагы соодагерлерге кандай жардам бериле турган болуп атат?
– Соодагерлер боюнча мындай, аларга салык тараптан, кредиттери болсо ошол жактан жардам берилиши мүмкүн. Негизи комиссия ӨКМ менен биргеликте чыгымдарды тактасын, ошого карап туруп чечим кабыл алынат. Комиссия ар бир адам менен сүйлөшүп чыгат, алардын канча товары болгон, канча зыян тартты депчи. Болжолдуу дегенде кечээ күнү 700дөй контейнерди сел каптады деген бейрасмий маалымат болгон. Эми алардын канчасы кандай зыян тартканын же тартпаганын аныкташат.
– Гумжардам боюнча кандай маалыматтар бар? Билебиз, кечээ биринчилерден болуп Өзбекстандын Андижан облусунан жардам келди. Ал эми өзүбүздүн аймактардан кандай жардамдар болуп атат?
– Ооба, кечээ күнү Өзбекстандын Андижан облусунун губернатору гуманитардык жардам алып келди. Анда цемент, туныке сыяктуу курулуш материалдарынан тартып, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды алып келип беришти. Булар атайын комиссиянын көзөмөлүндө, муктаждарга таратылып берилет.
Ал эми өлкөбүздүн башка облустарынан да келе баштады. Бүгүн эрте менен эле Баткен облусунун бир районунан 140 миң сом алып келишти. Андан сырткары, бизге маалым, жарандык коомдун өкүлдөрү акча топтоп атышат. Эл аралык уюмдун өкүлдөрүнөн кандай жардам керек деп келгендер болуп атат. Алар күйүүчү майлардан же техника жактан жардам берелиби дешти. Булардан сырткары, ЮНИСЕФтин жаш балдар боюнча иштеген өкүлдөрү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Үйлөрүнө ылай толук калган жарандардын үйлөрүн тазалоо ишине тартылгандардын жумуш акысын төлөп берүү боюнча да сөз кылып жатышат. Дүйнөлүк азык түлүк коомунун өкүлдөрү да келип кетишти.
– Сонунбек мырза, негизги суроолордун бири да, мына Ак-Бура дарыясынын жээгин бүтөө боюнча чоң долбоор жүрүп жатты эле го. Эми азыр селдин кесепетинен улам топон суу тосмолордон ашып өтүп, борбордук базарды каптады да. Анан ушул Ак-Буранын жээгин бекемдөө, тосмолорду бийиктетүү деген сыяктуу пландар пайда болдубу?
– Кечээки сел мындай болду: Ак-Бура дарыясы борбордук базарды дээрлик аралап өтөт. Анан аларда салынган көпүрөлөрдөн улам көбүрөөк жабыркоо болду. Анткени көпүрөлөр пас болгондуктан, сел менен агып келген буюм-тайым, дарактардын тамырлары сыяктуу ар кандай агындылар менен тосулуп калып, суу ошондон ашып кеткен экен. Ошондуктан эми алдыда мыйзамсыз көпүрөлөрдүн баарын алып салуу маселесин коюп атабыз. Себеп дегенде, канча күндөн бери табылбай аткан бир келиндин сөөгү көпүрөнүн үстүнө курулган контейнер менен кошо агып кетиптир. Ошол үчүн биз, биринчи кезекте, нормага ылайык келбеген көпүрөлөрдү алып салуу боюнча иш баштаганы атабыз.
Ал эми жээктер боюнча айта турган болсок, Ак-Буранын жээктерин бекемдөө боюнча чоң долбоор бар. Алдыда эми жеке жактарга да берсек, алар өздөрү бекемдеп, жайкы сезондук ишкерлик жүргүзүү боюнча атайын обьекттерди куруп, иштетсе болот деп атабыз да.
– Борбордук базарды жылдыруу боюнча көп жылдан бери сөз болуп келди эле. Шаарды башкарган азыркы бийликтин бул боюнча позициясы кандай?
-Борбордук базар жылат. Азыр биз аны жылдыруу боюнча маселени карап атабыз. Анткени көп жылдан бери эле жылдыруу боюнча сөз болуп келген. Бирок ишке ашпай жаткан да. Азыр биз Жапалак автоунаа базары жакка көчүрүү боюнча иш жүргүзүп атабыз. Балким жакынкы күндөрү баштап да калышыбыз мүмкүн.
Азаркы борбордук базар турган жер негизи көчө болгон. Базар жылса, ошол көчө ачылат. Анан Токтогул жана Навои паркынын уландысы катары кетет дагы, туристтер үчүн атайын жайлар ачылышы мүмкүн. Бирок негизинен сквер сыяктуу болот.
–Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А.Белеков


















