Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

“Мадина” базарынын соодагерлерине көчүү үчүн үч ай убакыт берилет. Мэрдин билдирүүсү

  • Коом, Кыргызстан
  • 30.07.2026 12:15

Loading

«Мадина» базары 1-августтан тарта жабылбайт, буга чейин берилген билдирүү кайра чакыртылып алынат. Ишкерлерге жаңы жерге жайгашып алуу үчүн этап-этабы менен көчүүгө кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мезгил берилет. Муну менен катар жаңы базардын ээлерине биринчи кезекте соода кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү милдеттендирилди.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарына байланыштуу кырдаалга комментарий берип жатып билдирди.

Шаар башчысы белгилегендей, «Мадина» базары да, ишкерлер этап-этабы менен көчүрүлө турган жаңы базар да жеке менчик болуп саналат. Ошол эле учурда мэрия менчик ээлеринин чарбалык ишине кийлигишпейт, бирок ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт.

Тема боюнча

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026

Буга чейин «Мадина» базарынын ээлери соода жайын жабууну пландаштырган. Бул себептен мэрия ижарачылардын укуктарын камсыз кылуу жана кырдаалды жөнгө салууга укуктук шарттарды түзүү максатында тийиштүү билдирүү жөнөткөн.

Айбек Джунушалиев буга чейин ишкерлер менен биргеликте жаңы базарга барганын эске салды. Текшерүүнүн жүрүшүндө соода орундарын толук ишке киргизүүдөн мурда жоюлушу керек болгон бир катар кемчиликтер аныкталган.

Ошондой эле ишкерлердин демилгеси менен макулдашуу комиссиясы түзүлгөн. Бирок учурда комиссия күтүлгөн натыйжаны бербегендиктен, анын ишин аяктоо чечими кабыл алынды. Мэрдин айтымында, комиссиянын курамына кирген ишкерлердин өкүлдөрү бирдиктүү позицияны иштеп чыгып, аны калган соодагерлерге да, шаар тургундарына да жеткире алышкан эмес.

Шаар башчысы соода орундарын ижарага берүү маселесине да өзүнчө токтолду. Ал ижаранын азыркы шарттары сакталарын баса белгилеп, ошол эле учурда жаңы базардын ээлерине ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылганын билдирди. Муну менен катар ижара укугун өткөрүп берүү же сатып алуу учурдагы тартипте каралган эмес. Мындай укуктарды өткөрүп бергени үчүн акча каражаттарын алуунун буга чейинки тартиби ыйгарым укуктуу органдар тарабынан укуктук баа алып, мындан ары токтотулушу тийиш. Маалыматка ылайык, мындай «укуктарды өткөрүп берүүнүн» баасы 1 чарчы метр үчүн 3 миң АКШ долларынан башталып, айрым учурларда 240 миң АКШ долларына чейин жеткен.

Мындан сырткары, «Мадина» базарынын ээлери аймакты шаардын Башкы планына ылайык мындан ары өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоорду сунушташы керек.

Муниципалитет башчысы мэрияга тургундардан «Мадина» базарынын санитардык абалына, башаламан токтотулган унааларга жана коомдук тамактануучу жайлардын канааттандырарлык эмес абалына нааразы болгон кайрылуулар көп түшкөнүн белгиледи.

«Ишкерлерге кам көрүү менен бирге, шаар тургундарын да унутпашыбыз керек. Сатып алуучулар товарларды коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап талаптарга жооп берген шарттарда сатып алышы зарыл», — деп баса белгиледи Айбек Джунушалиев.

Сөзүнүн соңунда мэр шаардык базарларды модернизациялоо борбор калаанын соода инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштердин бир бөлүгү болуп саналарын белгиледи. Учурда бир катар базарларда, анын ичинде «Орто-Сай», «Кудайберген» жана «Дордой» базарларында иретке келтирүү иштери жүрүп, инфраструктураны жакшыртуу, анын ичинде жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Айбек ДжунушалиевбазарКыргызстанМадина
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Хуситтер Сауд Аравиясынын Мединага чабуул жасалды деген билдирүүсүн четке какты

Хуситтер Сауд Аравиясынын Мединага чабуул жасалды деген билдирүүсүн четке какты

16.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

06.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.