Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

  • Саясат
  • 24.07.2026 12:31

Loading

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын төрагалыгы ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толгон юбилейлик жылга туш келгенин белгилеп, Уюмдун тең укуктуу диалог жүргүзүү жана чечимдерди биргелешип издөө үчүн маанилүү аянтча экенин баса белгиледи.

“Терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук да жаңы шарттарга тез ыңгайлашууда. Мунун баары бир нерсени көрсөтүп турат: бүгүнкү күндө коопсуздук саясий, экономикалык, технологиялык, экологиялык жана гуманитардык өлчөмдөрдү камтыйт. Мындай комплекстүү чакырыктарга бир дагы мамлекет жалгыз өзү туруштук бере албайт. Ошондуктан ШКУ мындан ары да биргелешкен жоопкерчилик жана макулдашылган аракеттер мейкиндиги катары бекемделиши керек”, – деп баса белгиледи Президент.

Тема боюнча

Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

19.10.2026

Садыр Жапаров ошондой эле Региондук антитеррордук түзүмдүн базасында Коопсуздукка байланыштуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду, анын ичинде Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүүнү тездетүүгө чакырып, муну Кыргызстандын аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого кошкон маанилүү салымы деп атады.

Президент эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун ролуна өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.

Муну менен катар Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери саясий өз ара аракеттенүүнүн, коопсуздуктун жана практикалык экономикалык кызматташтыктын негизги маселелерин маңыздуу талкуулоого, ошондой эле Бишкекте Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынын ийгиликтүү өткөрүү үчүн зарыл болгон пайдубалды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат деген ишенимин билдирди.

1 of 8
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

“Бишкек саммитинин жыйынтыгында Уюмубуздун алдыдагы жылдардагы өнүгүүсү боюнча так багыттар аныкталышы маанилүү. 25 жыл аралыгында биздин Уюм олуттуу тажрыйба топтоду”, – деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорттук маршруттарды өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо зарылдыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын маанилүүлүгүн, Уюмдун артыкчылыктуу багыттарын жана биргелешкен аракеттерди белгилеп өттү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженков, Индия Республикасынын тышкы иштер мамлекеттик министри Кирти Вардхан Сингх, Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар, Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев катышты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: С. ЖапаровШКУ
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

22.10.2026
Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

19.10.2026
ШКУнун башкы катчысы космосто жарыша куралданууну токтотууга чакырды

ШКУнун башкы катчысы космосто жарыша куралданууну токтотууга чакырды

16.09.2026
Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
А. Медетбеков: “ШКУнун төрагалыгы Пакистанга өттү. Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл”

А. Медетбеков: “ШКУнун төрагалыгы Пакистанга өттү. Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл”

10.09.2026
А. Медетбеков: “ШКУнун төрагалыгы Пакистанга өттү. Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл”

А. Медетбеков: “ШКУнун төрагалыгы Пакистанга өттү. Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл”

08.09.2026
Президент Эрдоган: Түркиянын ШКУга мүчө болуу перспективасы Батыштан баш тартуу дегенди билдирбейт

Президент Эрдоган: Түркиянын ШКУга мүчө болуу перспективасы Батыштан баш тартуу дегенди билдирбейт

08.09.2026
ШКУ саммитинде Иран көтөргөн демилгелер — Эксперттин пикири

ШКУ саммитинде Иран көтөргөн демилгелер — Эксперттин пикири

03.09.2026
Бишкектеги ШКУнун саммитинде бир катар документтерге кол коюлду

Бишкектеги ШКУнун саммитинде бир катар документтерге кол коюлду

01.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.