Украиналык дрондордун чабуулдары август айынын башынан тартып РФ аймагындагы жыйырмадан ашык ири мунай заводдорун бутага алып, орус күйүүчү май рыногун мурда болуп көрбөгөн кризиске кептеди.
28-сентябрга карата өлкө боюнча мунайды баштапкы кайра иштетүү кубаттуулугунун 38%ы, башкача айтканда, суткасына 338 миң тонна токтоп турганын «Сиала» маалымат агенттигинин эсебине шилтеме берип РБК жазды.
Август айында бензин жана дизель өндүрүүгө жеткиликтүү кубаттуулуктардын көлөмү 6%га, сентябрда дагы 18%га азайды. Заводдордогу токтоп туруунун масштабы тарыхый деңгээлге жетти: августтагы рекорддон (23%, 206 миң тонна/сутка) жана мурдагы рекорддордон — май 2022 (196 миң тонна/сутка) жана май 2020 (164 миң тонна/сутка) ашып түштү.
«Сиаланын» эсептөөсү боюнча, токтоп туруунун болжол менен 70%ы дрон чабуулдарынын натыйжасы: сентябрдын аягына карата алар Россиянын кайра иштетүү кубаттуулугунун төрттөн бир бөлүгүн, башкача айтканда, суткасына 236 миң тоннага жакынын иштен чыгарды.
Сентябрь айында дагы төрт орус МКЗ/НПЗси учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдарынан кийин ишин токтотту. Алардын арасында өлкөдө кубаттуулугу боюнча экинчи орундагы Ленинград облусундагы «Кинеф», ошондой эле эң ири беш заводдун катарына кирген «Роснефтьтин» Рязан МКЗсы бар. Биринчиси 14-сентябрда, экинчиси 5-сентябрда токтогон. Мындан тышкары, 20-сентябрда Новокуйбышев МКЗси, 22-сентябрда «Газпромдун» Астрахан заводу ишин токтоткон.
Натыйжада сентябрда бензин өндүрүү 1 млн тоннага азайды, ал эми ички рыноктогу тартыштык керектөөнүн 20%ына жеткенин «Коммерсантка» кырдаалга жакын булак билдирди. Кризис эң катуу Ыраакы Чыгыш менен Крымда байкалды, бул жактарда жумушчу жума башталгандан бери бир колго 30 литрден ашык бензин сатууга тыюу салынды. Жалпысынан 20дан ашык аймак — Сахалинден тартып Нижегород облусуна чейин күйүүчү майдын тартыштыгын сезип жатат.
Россиянын мунай компаниялары кризисти жеңилдетүү үчүн көп чара көрө алышпайт, дейт экономист Владислав Иноземцев: бузулган заводдорду оңдоо айлап созулушу мүмкүн, айрыкча санкциялардын шартында. Анткени 2010-жылдары модернизация үчүн колдонулган Батыш жабдууларын жеткирүүгө тыюу салынган, аларды Кытайдын аналогдору менен оңой эле алмаштыруу мүмкүн эмес, деп түшүндүрөт Иноземцев.
Бензин рыногундагы «өрттү өчүрүү» үчүн өкмөт анын экспортуна тыюу салды жана чет өлкөдөн сатып алууга даярданууда — бул үчүн ЕАЭБ деңгээлинде бензин, дизель жана авиакеросинге киргизилген бажы алымдары алып салынды. Балким, бийлик экологиялык стандарттарды төмөндөтүүгө аргасыз болот, ошондо МКЗ көбүрөөк күйүүчү май чыгара алат, дейт «Коммерсанттын» булагы.
Бензин кризиси Россия экономикасына инфляциянын өсүшүн алып келет, деп эскертет Freedom Finance Global компаниясынын аналитиги Владимир Чернов. Жыл башынан тартып күйүүчү майдын дүң баасы 40%дан ашык көтөрүлдү, чекене өсүшү болсо жылдык эсеп менен 11–12% деңгээлинде, бул акыркы 7 жылдагы рекорд. «Күйүүчү май кымбаттаса, айыл чарбасындагы, транспорттогу жана логистикадагы чыгымдар сөзсүз өсөт, ал эми бул азык-түлүк менен керектөөчү товарлардын баасына түз таасир этет», — деп түшүндүрөт Чернов.


















