Санкт-Петербургдагы Савушкина көчөсүндөгү газондо намаз окуп жаткан жеринен полиция тарабынан кармалган өзбекстандык жаранга 30 000 рубль айып пул салынып, өлкөдөн депортацияланды.
Бул тууралуу Санкт-Петербург сотторунун биргелешкен басма сөз кызматынын жетекчиси Дарья Лебедева өзүнүн Telegram каналында билдиргенин Upl.uz басылмасы жазды.
Чечимди Приморск райондук соту чыгарган.
“12-майда ал киши көчөдө диний ырым-жырым аткаргандыгы үчүн кармалган. Ал бийликтин уруксатысыз коомдук жайда диний ырым-жырым аткарган деп айыпталган”,- деп айтылат маалыматта.
Соттук териштирүү учурунда жаран күнөөсүн мойнуна алып, коомдук жайларда диний ырым-жырымдарды аткарууга тыюу салынганын билбегенин айткан. Ага 30 000 рубль айып пул салынып, депортацияланган.
Kommersant.ru басылмасынын жазганына караганда, бул иш-аракет бийлик органдарынын макулдугусуз жүргүзүлгөн жана чет элдик жаран үчүн Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар кодексинин беренелерине ылайык административдик укук бузуу болуп саналат.
“Сот бузуунун объективдүү жагы тиешелүү диний бирикменин мүчөсү болбогон адамдарга диний окууну ачык жайылтуу, аларды тартуу максатында болгон деп тапты. Натыйжада 30 000 рубль айып пул салынып, өлкөдөн мажбурлап депортацияланган”, – деп жазды басылма.
Россияда коомдук жайларда жалпы намаз окууга тыюу салынат. Эгер бул тартип бузулса, чет элдиктер 50 000 рублга чейин айып пулга жыгылып, депортацияланышы мүмкүн.



















