Швейцарияда өткөн Украина боюнча саммит максатына жеткен жок деп эсептейт, деп Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Захарованын айтымында, аталган конференцияны “дүйнөлүк масштабдагы иш-чара” катары көрсөтүүгө жасалган аракеттер толук ийгиликсиздикке учурап, чакырылган 160 адамдын дээрлик жарымы саясий туризм менен алектенүүдөн баш тартышкан.
“Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн катышуусун максималдуу түрдө тартуу ниети ишке ашкан жок. Алардын көбү опузага, ачык коркутууларга, алдамчылык схемаларга карабай көбү туруктуулугун көрсөтүп, Альпыга баруу боюнча тынымсыз өтүнүчтөрдү четке кагышты”, – деди ал.
Захарова Киев менен Батыш башынан эле украин кризисинен чыгуунун жолун издөөгө умтулбаганын белгиледи.
Ал конференциянын жыйынтыгы боюнча Батыш “мындан ары конфронтацияга, эскалация жана согуштук аркеттердин масштабын кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Анын айтымында, жолугушуунун “нөлдүк жыйынтыгы” анын катышуучуларынын арасында “бирдиктүү пикирдин жоктугу” менен тастыкталат – “баары эле жыйынтыктоочу коммюникени колдоого макул болгон эмес”.
Эске салсак, 15-16-июнда Швейцариянын Бюргеншток курорттук шаарында Украина боюнча эки күндүк конференция аяктады. Уюштуруучулар белгилегендей, “тынчтык саммитине” 92 мамлекеттин өкүлдөрү, анын ичинде 55 өлкөнүн лидерлери келишти, бирок алгач 160ка чейин делегацияны чогултуу пландаштырылган. Ага Россия тарап чакырылган эмес. Конференциянын уюштуруучулары иш-чарага мүмкүн болушунча көбүрөөк мамлекеттерди тартууну максат кылганына карабастан, Швейцариядагы саммитке БУУга мүчө мамлекеттердин жарымынан азы катышты. Бюргенштоктогу жолугушууга АКШнын президенти Жо Байден да барган жок – анын ордуна вице-президент Камала Харрис келди.
Саммиттин жыйынтык декларациясына 91 өлкөнүн 80и кол койгонун украиналык “Страна” басылмасы билдирди.



















