Тегеранда Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Александр Венедиктов менен Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысынын орун басары Мохаммад Мохамади-Аламути коопсуздук маселелери боюнча консультация өткөрүштү.
Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин басма сөз кызматы билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
“Тегеранда коопсуздук маселелери боюнча россия-ирандык консультациялар болуп өттү. Аларды Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Александр Венедиктов жана Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысынын орун басары Мохаммад Мохамади-Аламути эки өлкөнүн бир катар министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрдү”, – деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдө Россия менен Ирандын коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле айрым биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү кеңири талкууланган. Мындан тышкары, аймактык жана глобалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.















