Россия Федерациясы МАГАТЭ менен Ирандын ортосундагы диалогду колдойт жана агенттиктин башкы директору Рафаэль Гроссинин Тегеранга сапары мүмкүн болушунча ийгиликтүү болушун каалайт.
Бул тууралуу Россия Федерациясынын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов билдирди.
Рафаэль Гросси 16-апрелде Тегеранга эки күндүк сапары менен барган. Ал ирандык расмий өкүлдөр менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Өзөктүк келишим – 2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
“Россия Агенттик менен Ирандын ортосундагы диалогду толугу менен колдойт жана бул сапар мүмкүн болушунча ийгиликтүү болушун каалайт”, – деп жазды Ульянов өзүнүн Telegram-каналында.
Буга чейин РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө жардам берүүгө даяр экенин журналисттерге билдирген.
МАГАТЭнин жетекчисинин сапары Омандын ортомчулугу менен Иран менен АКШнын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн фонунда өтүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 12-апрелде Маскат шаарында болуп, анда катышуучулардын айтымында, жолугушуу конструктивдүү жана тынч маанайда өттү. Ирандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, экинчи айлампасы 19-апрелде Оманда өткөрүлөт.
АКШ лидери Дональд Трамп марттын башында Ирандын руханий лидери Али Хаменеиге жаңы өзөктүк келишимди сунуштаган кат жолдоп, дипломатия ишке ашпай калса, аскерий жооп кайтаруу менен коркуткан. Буга жооп катары Ислам Республикасынын жетекчилиги Вашингтон менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн четке кагып, үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен гана кыйыр сүйлөшүүгө эшик ачык деген.


















