Россия Борбор Азиядагы суу көйгөйүн чечүүгө жардам берүү үчүн өзүнө калыс болуу милдетин алса болот. Бул тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт Байкадам Курамаев «БА өлкөлөрүндөгү гидроресурстардын тартышытыгы: суу көйгөйүн аймактык жана эл аралык деңгээлде чечүүнүн жолдору» аттуу эл аралык конференцияда билдирди.
Анын айтуусунда, акыркы мезгилде аймак экономикалык өнүгүүгө да, 75 миллион адамдан ашык калктын жашоосуна да коркунуч жараткан олуттуу суу кризисине кабылды. Ал бул көйгөйдү чечүү үчүн аймактын баардык өлкөлөрүнүн чукул жана координацияланган өз ара аракети керек жана сырткы өнөктөштөрдү тартуусу зарыл.
«Андыктан аймактын өлкөлөрү эң оболу өздөрүнө ыңгайлуу сырткы саясый калысты, ошондой эле Борбор Азиядагы суу көйгөйүн жөнгө салууга кепил болуп бере ала турган тарапты тактап алышы зарыл.
Албетте, бул орунга аймактагы баардык өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөшү, эң оболу Россия туура келет. Бул жагдай Москва гидроресурстардын тартыштыгына туш келбегендиги жана өзүнүн суу көйгөйүн БА өлкөлөрүнүн эсебинен чечпей тургандыктан байланыштуу.
Мындан тышкары россиялык тарап өзүнүн чек аралаш өлкөлөрүндө социалдык-экономикалык бейпилдиктин саталышына кызыкдар. Албетте, ал Борбор Азия өлкөлөрүн суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн саясый жана экономикалык ресурстарын жумшоого даяр», – деди Курамаев.
«Борбор Азия өлкөлөрүнүн коомдук байланыштарын өнүктүрүү институту» коомдук фондунун директору Калдан Эрназарова да бир гана Россия аймактын суу көйгөйлөрүн жөнгө салуунун калысы жана кепили боло ала тургандыгы тууралуу идеяны колдоду.
«Өзбекстан Кытайдын алдындагы милдеттерин аткаруу менен өзү энергетикалык кризис чегинде калганда бир гана россиялык тарап колдоого алды. Ал эми Кыргызстан пандемия учурунда азык-түлүк кризисине кабылганда да бир гана россиялык жетекчилик бизди буудай менен камсыз кылды. Мындай мисалдар өтө көп», – деп сөзүн жыйынтыктады Эрназарова.


















