Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги 40 чакырымга жетти. Айдоочулар чек арадан өтүү үчүн үч суткага чейин күтүүгө туура келип жатканын билдиришүүдө. Тараптар мындай абалды жүк ташуулардын көбөйүшү, айдоочулардын электрондук кезекке алдын ала катталбаганы, ошондой эле Ирандын айланасындагы кырдаал эл аралык логистикалык каттамдарды өзгөрткөнү менен түшүндүрүшүүдө.
Алгачкы тыгындар
Ноябрь айынын башында Казакстандын Түркстан облусунда Өзбекстан менен чектешкен «Бауыржан Конысбаев» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалар топтолуп калган.
Kazinform агенттигинин маалыматына караганда, айдоочулар тыгындын узундугу 25 чакырымга жеткенин, чек арадан өтүү үчүн үч суткага чейин күтүүгө туура келип жатканын билдиришкен.
Кырдаалга Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети түшүндүрмө берди.
Комитеттин маалыматына ылайык, 2026-жылдын он айында эки өлкөнүн чек арасындагы унаа агымы 16,2 пайызга көбөйүп, дээрлик 742 миң унаага жеткен.
Бул мезгилде «Бауыржан Конысбаев» өткөрмө бекети аркылуу 321 миң унаа өткөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 21 пайызга көп.
Өткөрмө бекетинин өткөрүү мүмкүнчүлүгү суткасына 1000 унааны түзгөнү менен, иш жүзүндө күнүнө 1500гө чейин унаа тейленүүдө.
Комитеттин билдирүүсүндө өткөрмө бекет учурда кадимки режимде иштеп жатканы айтылат.
Жүк ташуучу унаалардын топтолушунун себептеринин бири катары электрондук кезек системасы көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, айрым жүк ташуучулар кезекке алдын ала катталбастан чек арага келип, каттоодон ошол жерден өтүшөт. Натыйжада алар белгиленген убакытты күтүүгө аргасыз болушат.
Белгиленгендей, 3-ноябрда эртең менен «Бауыржан Конысбаев» өткөрмө бекети аркылуу чек арадан өтүү үчүн электрондук кезек системасында 130 бош орун болгон.
«Айрым айдоочулардын узак убакыт күтүшү бардык жүк ташуучулар суткалап кезекте турушат дегенди билдирбейт», — деп түшүндүргөн комитет.
Тыгындарды азайтуу максатында бийлик транспорт каражаттарынын бир бөлүгүн «Атамекен — Гүлистан» жана башка өткөрмө бекеттерине багыттоону пландап жатканы да билдирилген.
40 чакырымга созулган кезек
3-ноябрдагы окуядан он күн өткөндөн кийин чек арадагы тыгындар дагы күчөгөн.
13-ноябрда Казакстандын мамлекеттик маалымат агенттиги «Бауыржан Конысбаев» өткөрмө бекетинин алдында жүк ташуучу унаалардын кезеги 40 чакырымга чейин созулганын кабарлаган.
Бул жолу да айдоочулар чек арадан өтүү үчүн бир нече сутка күтүп жатышканын билдиришкен.
Казакстан тарап кырдаалды эл аралык жүк ташуулардын сезондук өсүшү жана өлкө аркылуу өтүп жаткан транзиттик агымдын көбөйүшү менен түшүндүргөн.
Абалды турукташтыруу үчүн жүк агымын «Бауыржан Конысбаев», «Атамекен», «Казыгурт» жана «Тажен» өткөрмө бекеттеринин ортосунда кайра бөлүштүрүү пландалып жатканы, ошондой эле коңшу мамлекеттер менен жүк ташуучу унааларды кабыл алуу көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалган.
Комитет Өзбекстанга багыт алган жүк ташуучу унаалардын саны ай сайын өсүп жатканын да белгилеген.
Анын маалыматына ылайык, сентябрь айына салыштырмалуу ноябрь айында «Бауыржан Конысбаев» өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстанга чыгып жаткан жүк ташуучу унаалардын орточо суткалык саны 603төн 740ка чейин көбөйгөн.
Ирандагы кырдаалдын таасири
Өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши, жүк ташуулардын көбөйүшү жана электрондук кезек системасынан тышкары, Казакстан тарап чек арадагы кырдаалдын дагы бир себеби катары Ирандын айланасындагы абал эл аралык логистикалык каттамдарды өзгөрткөнүн атаган.
Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин билдирүүсүндө айтылгандай, Ирандын айланасындагы саясий-экономикалык кырдаалдан жана салттуу соода каттамдарындагы чектөөлөрдөн улам эл аралык жүк ташуу чынжырлары өзгөрүп жатат.
Тактап айтканда, ирандык жана эл аралык жүк ташуучулар жүктөрдү жеткирүү үчүн автомобиль транспортун көбүрөөк колдоно башташкан.
Ирандан чыккан жүктөрдүн бир бөлүгү Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өткөн түштүк транспорттук багыты боюнча ташылууда.
Мунун натыйжасында Казакстандын Түркстан облусундагы чек ара өткөрмө бекеттерине кошумча жүк түшкөн.
Жүк ташуулардын көлөмү өстү — Бажы комитети
Өзбекстандын Бажы комитети да бул кырдаалга карата өз позициясын билдирген.
Комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Хусан Тангриевдин айтымында, учурда эки мамлекеттин чек арасындагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.
«Түркстан облусунун Мамлекеттик кирешелер департаменти Өзбекстан менен чектешкен өткөрмө бекеттериндеги жүк ташуучу унаалардын кезеги тууралуу маалыматтарды ар бир 24 саат сайын жарыялап турат.
20-ноябрда саат 09:00гө карата “Бауыржан Конысбаев” автомобиль өткөрмө бекетинде кезекте 100 жүк ташуучу унаа турган.
Эгер бул бекет жана ага чектеш Өзбекстандын “Яллама” чек ара-бажы бекети аркылуу суткасына 1500дөн ашык жүк ташуучу унаа өтөрүн эске алсак, мындай көрсөткүч кадимки абал болуп эсептелет», — деп айтылат жоопто.
Белгиленгендей, быйыл Өзбекстан менен Казакстандын чек ара өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын саны күтүлгөн көрсөткүчтөн ашкан.
Эгерде 2021-жылы эки мамлекеттин чек ара-бажы бекеттери аркылуу суткасына 1165 жүк ташуучу унаа өтсө, 2026-жылдын ноябрь айына карата бул көрсөткүч суткасына 3130 унаага жеткен.
«Жүк ташуучу унаалардын негизги бөлүгүн эки мамлекеттин аймагы аркылуу транзит менен өтүп жаткан жүктөр түзөрүн белгилей кетүү керек.
Транзиттик жүктөрдүн көбөйүшү Казакстан менен Кытайдын чек арасындагы “Хоргос” өткөрмө бекетинин күнү-түнү иштөө режимине өткөнү менен байланыштуу.
Мунун натыйжасында Кытайдан товарларды ташып келүү процесси кыйла ылдамдады. Тактап айтканда, Өзбекстан аркылуу коңшу Түркмөнстанга, Тажикстанга жана башка мамлекеттерге транзит менен ташылып жаткан товарлардын көлөмү көбөйдү.
Мындан тышкары, геосаясий жана экономикалык кырдаалга, ошондой эле башка салттуу соода-логистикалык багыттарда пайда болгон чектөөлөргө байланыштуу эл аралык логистикалык чынжырларда жүк агымдарын башка багыттарга буруу процесстери байкалууда», — деп айтылат комитеттин түшүндүрмөсүндө.
Хусан Тангриев кошумчалагандай, учурда Өзбекстан менен Казакстандын бажы кызматтарынын ортосунда туруктуу маалымат алмашуу жолго коюлган. Ошондой эле чек ара өткөрмө бекеттеринде кезектердин пайда болушуна жол бербөө максатында эки тараптын ортосунда активдүү диалог жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: Социалдык тармактардан алынган


















