Мындай кадам БАнын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жасалууда.
Борбордук аскер округунун (БАО) күжүрмөн даярдыгы жаңы жана модернизацияланган техникалар менен толукталат. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу коргоо ведомствосунун коллегиясында айткандыгын РИА Новости билдирди.
Ал округдун бирикмелери жана бөлүктөрү Искандер-М ракеталык комплекстери кошулган жаңы куралдар жана Торнадо-Г жалындуу от менен сокку уруучу реактивдүү системалар менен жабдыларын белгиледи.
Министрдин айтуусуна караганда, БАОнун курамындагы 18 аскер бөлүктөрү кайра түзүлүп, курал-жарактардын саны жаңы жана модернизацияланган 360 даана техникалар менен толукталат. Мындан кийин заманбап курал-жарактардын үлүшү 52,8%ды түзүп калат.
“Белгиленген иш чараларды ишке ашыруу жылдын соңуна чейин аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатат жана Борбор Азия стратегиялык багытындагы аскердик коопсуздукту камсыз кылат”, – деди Шойгу.
201-россиялык аскер базасы РФнын Борбордук аскер округунун курамына кирет.
Мындан тышкары Россиянын коргоо ведомствосунун жетекчиси Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын аймагында жети машыгуулар өтөрүн айтты.
“Активдүү чараларды көрөбүз. Быйылкы жылы Борбор Азия аскер округунда негизги аракет аймактагы өлкөлөрдүн кризистик көйгөйлөрүн чечүүгө багытталат”, – деди Шойгу.
Анын сөзүнө ылайык, аскер күчтөрүн даярдоонун жыйынтыгы ЖККУнун (ОДКБ) 5 мамлекеттин аскер бөлүктөрү катышкан “Өз ара аракеттенүү-2024” Жамааттык күчтөрдүн ыкчам жообу машыгуусу болмокчу.
Тажикстандагы 201-аскер базасы Россиянын чет өлкөлөрдөгү ири аскер объектиси болуп саналат. Бул бөлүк Душанбе жана Бохтарда жайгашкан. Анын курамына мотоаткычтар, танкалык, артиллериялык, чалгындоо бөлүктөрү, абадан коргонуу системасы (ПВО), радиациялык, химиялык, биологиялык жана байланыш бөлүктөрү кирет.
Ал эми Россиянын дагы бир ири аскердик бөлүгү Кыргызстандын Кант шаарында жайгашкан.


















