РФнын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сергей Лавров Федерация Кеңешиндеги консултацияда эгер Батыш Украина үчүн согуш талаасында тирешүүнү кааласа, анда Россия ага даяр экендигин билдирди.
Эгер батыш өлкөлөрү украин кризисин согуш талаасында чечүүнү каалашса, анда Москва ага даяр. Бул тууралуу ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Сергей Лавров Федерация Кеңешиндеги анын талапкерлиги тышкы иштер министрлигине кайра сунушталып жаткан консултациянын жүрүшүндө билдирди.
Министр ошондой эле Украина боюнча июнь айында Швейцарияда өткөрүү пландаштырылган, бирок Россия чакырылбаган конференция Москвага ультиматум коюу максатын гана көздөп жаткандыгын белгиледи.
«Мектепте экиге окуган окуучуну билесиздерби – педсовет аны күнөөлөп, өз ара баардыгын чечишет да, андан кийин чакырып, сөгүш жарыялашат – ошентип эч ким менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес, болгондо да биз менен», — деп түшүндүрдү Лавров.
Кремль украиналык бийлик менен сүйлөшүүдөн эч качан баш тартышпагандыгын бир нече ирет баса белгилеген. Ал эми президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков азыр андай аракет кылуунун зарылчылыгы жок экендигин, себеби Украина тараптан да, коллективдүү Батыш тараптан да тынчтыкка карай кадам жокко чыгарылып жаткандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда, кырдаал жаңы реалдуулуктарды эске алган шартта гана өзгөрүшү мүмкүн, ал эми Москванын талабы жакшы белгилүү.



















