Украинанын Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна (МКЗ) сокку уруудан баш тартышы АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясында тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттерин улантуунун башкы шарты катары каралууда. Бул тууралуу The Washington Post гезитинин баяндамачысы Дэвид Игнатиус жазды.
Анын маалыматына караганда, жума күнү өткөн жолугушууда АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер украин тараптан Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна жасалган чабуулдарды токтотууну суранышкан. Америкалык аткаминердин Игнатиус келтирген маалыматына ылайык, Украина бул шартты аткарса, Вашингтон сүйлөшүү процессине активдүү катышуусун кайра жандандырууга жана Москвага барууга даяр.
Баяндамачы белгилегендей, мындай макулдашууну ишке ашыруу Орусиядан олуттуу аракеттерди талап кылбайт. Анткени Украинанын эң ири мунайды кайра иштетүүчү заводу Орусиянын соккуларынын натыйжасында буга чейин эле талкаланган.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский үчүн чабуулдарды токтотуу Москвага басым көрсөтүүнүн эң натыйжалуу куралдарынын биринен баш тартууну билдирмек.
Ошол эле учурда, булактын маалыматына караганда, Украина жума күндөн бери Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку ура элек.
Зеленский өзү болсо жаңжалды жөнгө салуунун мындай ыкмасын ачык сынга алган.


















