Флорида университетинин окумуштуулары ар кандай рактын түрлөрүнө каршы иммундук системаны активдештире ала турган эксперименталдык мРНК-вакцина иштеп чыгышты. Бул тууралуу NewAtlas басылмасы кабарлайт.
Эксперттердин айтымында, бул вакцина белгилүү бир шишикке эмес, рак клеткаларын жалпысынан таанып, аларга каршы иммундук жооп түзүүгө багытталган. Мурда бул вакцина мээнин өтө агрессивдүү шишиги болгон глиобластоманы дарылоодо ийгиликтүү натыйжа көрсөткөн. Эми окумуштуулар аны теринин, мээнин жана сөөктүн башка рак түрлөрүндө да текшеришкен. Кээ бир учурларда шишиктер кошумча дарылоосуз эле жоголуп кеткен.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, вакцина коронавируска каршы мРНК-вакциналар сыяктуу эле иштейт: организмге мРНК түрүндөгү «нускама» берилет, ал аркылуу клеткалар атайын белокторду чыгарат. Дал ошол белоктор иммундук системага шишиктерди тез таанып, аларды жок кылууга жардам берет.
Азыркы учурда вакцина жаныбарлардын үстүндө сыноодон өткөрүлүүдө.


















