Ош шаарындагы облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын алдындагы Кытай-Кыргызстан достук ооруканасында жергиликтүү калкты тейлөө үчүн Кытайдын алдыңкы диагностикалык жана дарылоо технологиялары колдонула баштады.
Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, жакында Кытайда квалификациясын жогорулатып кайтып келген дарыгер Эркинжон Фаррух неврологиялык оорулары бар бир нече бейтапты кабыл алды. Ал Кытайда өткөн окуу «өз мекенинде адистештирилген медициналык кызматтарды көрсөтүүгө бекем негиз түзгөнүн» белгиледи.
2017-жылы ачылган Кытай-Кыргызстан достук ооруканасы телемедициналык консультацияларды, илимий алмашууларды жана стажировкаларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруучу аянтчага айланды. Акыркы үч жылда Кыргызстандан 30га жакын дарыгер Шинжаңда квалификациясын жогорулатып, кайтып келгенден кийин жергиликтүү клиникаларда алдыңкы адис катары иштей башташты.
2026-жылдын башынан бери кытайлык медицина кызматкерлери Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштарын активдештиришти: Алматыда онкология боюнча академиялык алмашуулар өткөрүлсө, Өзбекстанда салттуу кытай медицинасы боюнча курстар уюштурулду. Ал эми казакстандык ортопеддер муундарды роботтун жардамы менен эндопротездөө технологиялары боюнча билим алышты.
Шинжаң медициналык университетинин маалыматы боюнча, 2025-жылы анын карамагындагы ооруканаларда дээрлик 6 миң чет өлкөлүк бейтап дарыланган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 23%га көп. Аймакка техникалык жана клиникалык колдоо көрсөтүү үчүн адистердин 25 тобу жана 97 эксперт жөнөтүлгөн.
Университеттин партиялык комитетинин катчысы Чай Линь Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтык «чачыранды байланыштардан» биргелешкен платформаларды түзүүнү жана кадрларды даярдоону камтыган системалуу пландаштырууга өткөнүн баса белгиледи.


















