Казакстандын Астана шаарында рак оорусун дарылоого багытталган ата мекендик дарынын клиникалык сыноолору жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек билдирди.
Жаңы ракка каршы DVC препараты Назарбаев университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Учурда дарынын клиникалык сыноолорунун экинчи этабы өтүп жатат. Анын алкагында препараттын дозасы жана адамдын организмине тийгизген таасири текшерилүүдө.
Министрдин айтымында, сыноолордун экинчи этабын ушул жылдын аягына чейин бүтүрүп, андан кийин дарыны алдын ала каттоого берүү пландалууда.
«Ушул жылдын аягына чейин сыноолорду аяктап, дарыны алдын ала каттоого тапшырууга аракет кылабыз. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук борбор бизге максималдуу жардам көрсөтүп жатат. Алар клиникалык сыноолордун экинчи этабынын тастыкталган жыйынтыктарын күтүп жатышат. Баарын аяктагандан кийин препаратты каттоого тапшырууну баштайбыз. Бул каттоого чейинки акыркы кадамдардын бири болот», — деди Нурбек.
Эгер препарат Казакстандын ички рыногунда гана сатылса, аны өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги текшерет. Ал эми дарыны эл аралык рынокко чыгаруу пландалса, анда бир катар мамлекеттердин тиешелүү талаптарынан өтүүгө туура келет.
Министрдин белгилешинче, АКШда дары-дармектерди каттоо дүйнөдөгү эң катаал талаптардын бири болуп саналат. Европада жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө да өзүнчө стандарттар колдонулат.
«Азыркы негизги милдетибиз — бул дарыны Казакстанда жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагында расмий катталган препарат катары колдонууга чыгаруу», — деди ведомствонун башчысы.
Ошондой эле Саясат Нурбек учурда препараттын клиникалык сыноолору Астанадагы онкологиялык борбордо бейтаптардын катышуусунда жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Министрдин айтымында, эгер бардык клиникалык сыноолор жана каттоо процедуралары ушул жылдын аягына чейин аяктаса, препаратты келерки жылы колдонууга чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.



















