Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-мартта Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери Аятолла Сейед Мужтаба Хаменеиге куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
Бул тууралуу тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
“Сиздин улуу урматтуу жетекчилигиңиз алдында Ирандын сыймыктуу эли бүгүнкү күндө биздин дос жана бир тууган өлкөбүз туш болуп жаткан бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгарына ишенем. Иран Ислам Республикасынын аймакта жана дүйнөдө тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдөгү конструктивдүү ролун маанилүү деп эсептейбиз жана мамлекеттер аралык мамилелерде эл аралык укуктук принциптер жана нормалар милдеттүү түрдө сакталышын колдой турганыбызды дагы бир жолу билдиребиз”, – деп айтылат тажик лидеринин куттуктоо телеграммасында.
Рахмон ишеним жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген эки боордош элдин жыргалчылыгы үчүн Тажикстан менен Ирандын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Ал Можтаба Хаменеиге чың ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми бир тууган Иран элине бекем тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
Ирандын шейит кеткен Жогорку лидери Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи 8-мартта Эксперттер кеңеши тарабынан Ислам Республикасынын экинчи Жогорку лидери болуп шайланган. Буга чейин Моджтаба Хаменеинин Жогорку лидер болуп шайланышы менен Россиянын президенти Владимир Путин да куттуктаган.

















