Ирандын Эксперттер кеңеши өлкөнүн экинчи Жогорку лидери Али Хаменеинин өлүмүнөн кийин Можтаба Хаменеини Ислам Республикасынын жаңы Жогорку лидери кылып шайлады.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Эксперттер кеңеши билдиргенин “Fars News” агенттиги билдирди.
«Эксперттер кеңешинин чечими менен Можтаба Хаменеи Ирандын үчүнчү жогорку лидери болду», — деп айтылган билдирүүдө.
Кеңештин билдирүүсүндө кезексиз жыйында аятолла Сейед Можтаба Хоссейни Хаменеи Эксперттер кеңешинин кадырлуу өкүлдөрү тарабынан Иран Ислам Республикасынын ыйык системасынын үчүнчү лидери болуп бир добуштан шайланганы белгиленет.
56 жаштагы Можтаба Хаменеи маркум аятолла Али Хаменеинин уулу. Буга чейин маалымат каражаттары аны эң ыктымалдуу талапкер деп аташкан.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Можтаба Хаменеинин Жогорку лидер болуп шайланышы бардык ирандыктардын эркин чагылдыраарын билдирди.
Аятолла Сейед Можтаба Хоссейни Хаменеи 1969-жылы 8-сентябрда Мешхедде жарык дүйнөгө келген. Ал Али Хаменеинин экинчи уулу. Ал диний билимди Аятолла Можтахид Тегеранинин медресесинде жана Кум шаарында алган. Иран-Ирак согушу учурунда (1980-1988) жоокерлердин катарында фронтто болгон. 1990-жылдардын аягында ал Кум шаарынын диний борборунда билим алып, кийинчерээк Кум семинариясында сабак берген. Ал дин кызматкери, теология мугалими. 2004-жылы ал Иран парламентинин спикеринин кызына үйлөнгөн.
2026-жылдын 28-февралында АКШ менен Израил Ирандагы, анын ичинде Тегерандагы буталарга сокку уруп, кыйроолорго жана жай тургундардын курмандыктарына алып келди. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик буталарына сокку урууда.
Аба соккуларынын натыйжасында Ирандын экинчи Жогорку лидери Али Хаменеи бир нече үй-бүлө мүчөсү менен шейит болгон.

















