Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен Иранга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ирандын борбору Тагеран шаарында бүгүн Масуд Пезешкиан ант берип, президенттик кызматка расмий киришкени жатат.
Маалымат кызматы белгилегендей, Рахмон менен бирге Ирандын борборуна республиканын парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри, президенттин тышкы байланыштар боюнча жардамчысы жана энергетика жана суу ресурстары министри кирген делегация жөнөп кетти.
28-июлда Ирандын руханий лидери Али Хаменеи Пезешкианды президент катары бекиткен жарлыкка кол койгон. Инаугурация бүгүн, 30-июлда Мажлистин (бир палаталуу парламент) имаратында болот.
23-июлда Иран Межлисинин президиумунун мүчөсү Можтаба Юсуфи инаугурацияга кеминде 60 өлкөдөн чет элдик өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүп жатканын билдирген. Ага Россиядан делегацияны Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жетектеп барары белгилүү болгон.
Пезешкиан Ирандын мурдагы президенти Ибрахим Раиси тик учак кырсыгынан каза болгондон кийин президент болуп шайланган.
Маркум президент Раиси былтыр Душанбеге расмий сапары менен барып, анын жүрүшүндө өлкөлөр ортосунда экономикалык жана саясий чөйрөдө бир катар документтерге кол коюлган. Май айынын аягында Рахмон Раиси менен коштошуу аземине катышкан.
Июль айынын башында, Ирандагы шайлоодон кийин Рахмон Пезешкианга телеграмма жөнөтүп, анда ал эки өлкөнүн жалпы маданий өзгөчөлүктөрүн баса белгилеп, Душанбенин кызматташууну өнүктүрүүгө умтуларын билдирген, ошондой эле Пезешкианды Тажикстанга келип кетүүгө чакырган.

















