Ирандын Москвадагы элчиси Казем Джалали билдиргендей, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу Түркмөнстанда өтүшү күтүлүүдө.
Кремлдин басма сөз кызматы шаршемби күнү билдиргендей, Путин бейшемби жана жума күндөрү Ашхабадга барып, Эл аралык тынчтык жана ишеним жылына, Бейтараптык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптык макамынын 30 жылдыгына арналган форумга катышат.
“Иран жана РФ президенттери Ашхабадда жолугушат”, — деп элчинин сөзүн элчиликтин Telegram-каналы келтирди.
Иран бийлигинин маалыматына ылайык, Пезешкиан учурда жүргөн Казакстанга болгон визитинен кийин форумга катышуу үчүн Түркмөнстанга барат.
Түркмөнстандын бейтараптык статусу эл аралык деңгээлде алгач 1995-жылы таанылган. 2017-жылы Түркмөнстан тараптын демилгеси менен БУУ Башкы Ассамблеясы 12-декабрды Эл аралык бейтараптык күнү деп жарыялаган.



















