Өзбекстан Путин бешинчи президенттик мөөнөткө шайлангандан кийин барган үчүнчү чет өлкө болуп калды.
Россиянын президенти Владимир Путин 26-май күнү кечинде Өзбекстанга эки күндүк иш сапар менен учуп келди. Бул анын инаугурациядан кийинки экинчи мамлекеттик жана үчүнчү эл аралык сапары.
Ташкент аэропортунда аны россиялык кесиптешин өз өлкөсүнө февралдын аягында чакырган президент Шавкат Мирзиёев тосуп алгандыгын Газета.уз. басылмасы билдирди.
Мамлекет башчылардын Ташкентте сүйлөшүүлөрү белгиленген. Анда россия-өзбекстандык мамилелердин азыркы абалын жана андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо жана аймактын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда.
Кремлдин маалыматы боюнча, иш сапардын жыйынтыгында «олуттуу эки тараптуу документтер пакетине» кол коюу пландаштырылууда.
ТАСС агенттиги шилтеме берип маалымдагандай, Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтуусунда, мамлекеттик иш сапар жогорку дипломатиялык статуска ээ экендигине карабай, Владимир Путин Ташкентке гана барууга ниеттенген.
21-майда президенттер телефон аркылуу сүйлөшүп, анда алдыдагы иш сапарды жана кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Атап айтканда, соода-экономикалык кызматташтык, бизнестин кооперациясы жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын программалары.
Талкуулана турган долбоорлордун арасында ошондой эле — Өзбекстанда россиялык дизайндагы атомдук электростанцияны куруу. Азыркы учурда АЭС боюнча башкы келишимдин параметрлерин макулдашуу жүрүп жаткандыгын ТАСС Путиндин иш сапарынын материалдарынын бири катары белгиледи.
2017-жылы «Росатом» Өзбекстанда атомдук электростанция куруу планы тууралуу жарыя кылган. Мамлекеттик корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев станция эки заманбап «үч плюс» ВВЭР-1200 муунундагы блоктордон турарын айткан. Бул энергоблоктордун ар биринин кубаттуулугу 1,2 ГВт. ка чейин болот.
2018-жылы октябрда Путин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев республиканын Навои облусунда АЭС куруу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Болочок электростанциянын макети учурдагы Нововоронеж АЭС-2нин үлгүсүндө даярдалган. Долбоордун баасы $11 млрд.га бааланган, ал эми биринчи энергоблок 2028-жылы ишке киргизизилиши керектигин Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков айтты.
Владимир Путин бешинчи президенттик мөөнөтүндөгү биринчи чет өлкөгө жасаган сапарын (шайлоо мартта болгон) Кытайга жасады. Ал Пекинге 16-майда барып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн
Путин чет өлкөгө сапарга чыккан экинчи мамлекет Беларусь болду — бул өлкөгө 23-майда барган.
Владимир Путиндин Өзбекстанга мындан мурдагы мамлекеттик сапары 2018-жылы октябрда болгон.



















