Россиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сириянын биримдигин, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоо маанилүү экенин баса белгиледи. Бул тууралуу Кремлдин Telegram-каналында кабарланды.
«Путин, атап айтканда, Сирия Араб Республикасынын биримдигин, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоонун, ошондой эле өлкө ичинде саясий туруктуулукту камсыздоо үчүн бардык этно-конфессиялык топтордун мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын эске алуу зарылдыгын белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүү учурунда Путин менен Нетаньяху Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдыда талкуулашты. Россиянын лидери Москва бул аймактагы жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүгө дайым жактоочу болуп келгенин кайталап, Ирандын өзөктүк программасы боюнча дипломатиялык чечимдерди табууда көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Кремль билдиргендей, эки өлкөнүн лидерлери эл аралык жана эки тараптуу маанилүү маселелер боюнча диалогду улантууга макулдашышты.















