Россиянын президенти Владимир Путин Sky News Arabia телеканалына курган маегинде Иран тарабынан чыгарылган өзөктүк курал өндүрүүгө тыюу салган фетваны маанилүү документ катары баалады.
🗣️ Путиндин сөзү:
«Иран — өзүнүн эрежелери бар ислам мамлекети. Алар өзөктүк куралга ээ болууга тыюу салган фетваны кабыл алышкан. Бул абдан маанилүү».
🔎 Эскертүү: Фетва — бул ислам дининдеги диний жана укуктук чечим. Ирандын руханий лидери Али Хаменеи буга чейин өзөктүк куралды «харам» деп атап, анын жасалышына тыюу салган фетва чыгарган.


















