Россиянын президенти Владимир Путин Масуд Пезешкян менен телефондогу сүйлөшүүсүндө аны Ирандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.
Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
«Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Иран Ислам Республикасынын шайланган президенти Масуд Пезешкян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады жана ага жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады», — деп айтылат маалыматта.
Тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришип, мындан аркы иштерге даяр экендиктерин ырасташты.
«Эки тарап тең жакшы кошуналык орус-иран мамилелеринин жетишилген жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришти жана ар түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, алар 2024-жылы жеке байланыштарды уюштурууну макулдашты.
“Лидерлер быйыл жеке байланыштарды уюштурууну макулдашты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Пезешкянга куттуктоо телеграммасы жиберилгендиги да белгиленет.
Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Иранга жаңы президенттин тушунда ийгиликтерди кааларын жана Тегеран менен тыгыз өнөктөштүк мамилелерин улантууну күтөрүн белгилеген.
5-июлда Ислам республикасында аткаруу бийлигинин башчысы Ибрахим Раиси каза болгондон кийин дайындалган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун экинчи туру өттү.
Анда реформачылар канатынын талапкери, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян жалпы добуштардын 53,6%ы менен жеңишке жетти. Анын атандашы консерватор Саид Жалили добуштардын 44,3%ын алды.


















