Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев желекти өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп жаткан мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын туура деп эсептеп, демилге колдоого аларлык экенин соцтармактагы баракчасына жазды.
Ал чет элдиктер желектеги нурларды күн карамага окшоштурган окуяны да айта кетти.
“90-жылдары чет элдик бир делегация өлкөбүздөгү маанилүү бир иш-чарага катышып калат. Делегация мүчөлөрүнүн бири биздикилерден: “Силердин өлкөдө күн караманы өтө чоң масштабда өстүрүшөбү?”,- деп суроо салат. Биздикилер аң-таң болуп, суроонун чоо-жайына кызыгышса, чет элдик делегация өкүлү: “Мамлекеттик желегиңерге күн караманы түшүрүпсүңөр го, ошондон улам ушундай ой келди”,- деп суроосунун төркүнүн түшүндүргөн экен. Мына ошондуктан, желегибизди кур дегенде чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура. Бул демилгени колдошубуз керек. Керек болсо туубуздун өңүн “Манаста” көк асаба деп айтылгандай, көк түскө алмаштырсак да жарашмак. Бирок, элибиз кызыл түскө көнүп калып, ага макул болбосо керек.
Чындыгында биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар. Эми гана өлкөбүз өнүгүп-өсүү жолуна ишенимдүү багыт алды”, — деди Абыкеев.
Ал ошондой эде дүйнө жүзүндө мамлекеттик туунун бир эле элементин эмес, түп-тамыры менен таанылгыс кылып өзгөрткөн өлкөлөр да бир топ экенин белгиледи.
“Желектин кемтик жагын караштырып, алмаштыруудан трагедия жасоонун кереги жок. Эң башкысы желегибиз жакшынакай болуп өзгөртүлүп, жалпы кыргызстандыктардын колдоосуна арзыса болду”,- деп жазды Чолпонбек Абыкеев.
Ал демилгечилер коомчулук тарабынан айтылган сунуштарды эске алат деген ишенимин билдирди.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунушташкан.