Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Польшадагы аралык турнирде алтын, Калмира Билимбек кызы күмүш медель утушту.
“Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open” атындагы эл аралык рейтингдик турнир 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.
62 кг чейинки салмак ченинде күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова алгач польшалык, андан кийин канадалык спортчуларды мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалда германиялык спортчуну 4:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Ушул эле күнү 59 кг чейинки салмак ченинде күрөшкөн Кальмира Билимбек кызы биринчи жана экинчи раунддарда польшалык балбандарды алгач 4:3, кийнкисин 8:0 эсебинде утуп, финалда германиялык атаандашына 7:0 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.
Буга чейин аталган мелдеште Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов алтын, Раззак Бейшекеев күмүш, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынган.


















