Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын өкмөтүнүн басма сөз катчысы шаршемби күнү өткөн министрлер кабинетинин жыйынында «Европа менен байланыштар улантылат» деп баса белгиленгенин билдирди.
Шаршемби күнү түштөн кийин президент Пезешкиандын төрагалыгы астында өткөн өкмөт жыйынынан кийин журналисттерге маалымат берип жатып, өкмөттүн басма сөз катчысы мындай деди:
«Бүгүнкү жыйында урматтуу [тышкы иштер министри Аббас] Аракчи үч европалык өлкө менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр боюнча отчетун сунуштады. Европа менен байланыштар улантыла турганы белгиленди».
Иран менен аталган «үчтүк» — Улуу Британия, Германия жана Франция, ошондой эле ЕБ тышкы саясий ведомствосунун орун басары кечээ Женевада жолугушуу өткөрүштү. Андан кийин ирандык сүйлөшүүлөргө катышкан өкүлдөрдүн бири дипломатия жана Европа менен сүйлөшүүлөр уланарын билдирди.
Бирок «европалык үчтүк» БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2231-резолюциясына ылайык, Иранга каршы санкцияларды кайра калыбына келтирүү механизмин иштетүү менен коркутту. Бул резолюция 2015-жылдагы Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди (СВПД) бекиткен. Бирок Ирандын билдирүүсүндө, «европалык үчтүк» мындай укукка ээ эмес, анткени алар келишимдин мазмунун жана текстин бир нече ирет бузушкан. АКШнын президенти Дональд Трамп 2018-жылдын май айында СВПДдан чыгып кеткен, андан кийин европалык катышуучулар Ирандын даттанууларына көңүл бурган эмес. Каршылык иретинде Иран келишимден айрым четтөөлөргө барып, уран байытуу деңгээлин кыйла жогорулаткан.
Мындан тышкары, июнь айында америкалык бомбалоочу учактар Израил режиминин агрессиясынын алкагында Ирандын өзөктүк объектисине сокку уруган. Андан кийин Израил режими менен АКШ ок атышууну токтотууга чакырышкан, анткени Иран алардын күчтөрүнө кыйратуучу жооп кайтарган.
Азыр болсо үч европалык өлкө Иранды Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүгө жана МАГАТЭ инспекторлоруна жабыркаган өзөктүк объекттерди текшерүүгө уруксат берүүгө мажбурлоодо. Болбосо алар санкциялык механизмди иштетерин эскертишүүдө. Бирок Тегеран EБ мындай механизмди иштетүүгө укугу жок деп билдирүүдө.

















