Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШ Иран менен уран байытуу маселеси боюнча компромисске барууга даяр деп эсептейт. Анын айтымында, бардык маселелерде принципиалдуулук аймакта согуштун чыгышына алып келиши мүмкүн.
Бул тууралуу Financial Times басылмасы министрдин билдирүүсүнө таянып жазды.
«Чыр-чатактын алдын алуу боюнча аракеттерди ортомчулук кылууда маанилүү ролду ойногон Хакан Фидан FT басылмасына Вашингтон Вашингтон Ирандын уранды толук байытууну токтотушу боюнча негизги талабына ийкемдүү мамиле кылууга даяр экенин билдиргенин айтты. Бул шарт узак убакыттан бери келишим түзүүгө негизги тоскоолдук болуп келген, анткени Иран өзүн Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимдин катышуучусу катары уран байытууга укуктуу экенин белгилеп келет», — деп жазат басылма.
Түркиянын дипломатия башчысы ошондой эле АКШ да, Иран да өзөктүк келишимге жетишүү үчүн компромисске барууга даяр көрүнөт деп билдирип, бирок сүйлөшүүлөрдү Тегерандын баллистикалык ракеталык программасына чейин кеңейтүү жана бул маселеде өжөрлүк көрсөтүү «жаңы согушка гана алып келиши мүмкүн» деп эскерткенин басылма кошумчалады.
Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрү 6-февралда Оманда өткөн. АКШнын президенти Дональд Трамп аларды ийгиликтүү деп атап, диалог улантыларын билдирген. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өлкө өзөктүк программа боюнча маселени дипломатиялык жол менен жөнгө салууга ачык экенин, бирок бул адилеттүүлүк жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугу шартында болушу керектигин айткан.















