Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгүн баалоо максатында Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү улантууну талап кылууда.
Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуусунун жыйынтыгында Truth Social социалдык тармагында жазды.
«Жаңы эле Израилдин премьер-министри Нетаньяху жана анын өкүлдөрү менен жолугушууну аяктадым», — деп белгиледи АКШ администрациясынын башчысы.
«Биз кандайдыр бир конкреттүү жыйынтыкка жетишкен жокпуз. Мен Иран менен сүйлөшүүлөр келишимге жетүү мүмкүнбү же жокпу аныктоо үчүн улантылышы керек деп талап кылдым», — деди ал.
«Мен премьер-министрге мындай келишимге жетишүү артыкчылыктуу болорун түшүндүрдүм», — деп кошумчалады америкалык лидер. Ал белгилегендей, болбосо «жыйынтык кандай болорун түшүнүү керек болот».



















